Жогорку Сот депутат Алимжановдун мандаты боюнча чечимди күчүндө калтырды

Фарходбек Алимжанов.

Жогорку Сот Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжановдун Борбордук шайлоо комиссиясынын аны мандатынан ажыраткан чечими боюнча арызын карап, канааттандырган жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, депутаттын арызы 25-26-январда жогорку инстанцияда каралып, буга чейинки Бишкек шаарынын административдик сотунун 4-августтагы жана шаардык соттун 2-октябрдагы чечимин күчүндө калтырылды.

Алимжанов соттун чечими боюнча Фейсбук баракчасына чыгарган билдирүүсүндө мандат маселесине ушуну менен чекит коюлганын белгилеген. Ал депутаттык мөөнөтүндө бир катар мыйзам долбоорлорун даярдаганын, "өлкөнүн каржылык абалынын турукташуусуна салым кошконун, шайлоочулардын мүдөөсүн жогорку трибунада айтып турганын" жазган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду ("Альянс") диплом чырына байланыштуу 6-июлда мандатынан ажыраткан. Экөө тең комиссиянын чечимине каршы сотко арызданган. Алгач райондук, кийин Бишкек шаардык соту да алардын арызын канааттандырган эмес.

Исмаилов бул чечимге нааразы болуп, кийинки инстанцияга кайрылган. 30-октябрда Жогорку Сот Исмаиловдун мандатынын алынышын мыйзамдуу деп тапкан. Боршайком соттун чечимине таянып, 21-ноябрда Исмаиловдун мандатын “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Чынберди Төлөновго тапшырган.

Алимжанов мандатынан ажыратылышына негиз болгон диплому боюнча терс корутунду берген Ош мамлекеттик университетин да сотко берген. Депутат БШК анын мандатын жокко чыгаруу үчүн чечимди университет эмес, Билим берүү министрлиги бериши керек деген жүйөнү келтирген. Арыз Ош шаардык административдик сотунда каралып, сот 8-декабрда Ош мамлекеттик университетинин корутунду бергени мыйзамдуу деп чечим чыгарган.

Былтыр апрелде Улуттук коопсуздук комитети Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун дипломдору жасалма экени жөнүндө БШКга маалымат берилгенин билдирген.

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Алимжанов жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясынан алган.

Дагы караңыз

Прокуратура мамлекетке 2 млн сом зыян келтирди делген сот акаруучуга кылмыш ишин козгодуКыргызстандын президенти Кытайдын лидерине көңүл айттыКамактагы 11 журналисттин жакындары маалымат жыйынды эшикте өткөрүштүЛейлекте зомбулукка кабылган 48 аялга коргоо ордери берилген