Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

Лейлекте зомбулукка кабылган 48 аялга коргоо ордери берилген


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баткен облустук милициясынан билдиргендей, 2023-жыл ичинде Лейлек районунун аймагында зомбулуктун 50 учуру катталып, жабыр тарткан 48 аялга, 1 жаш балага, 1 эркекке коргоо ордерлери берилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынган.

Райондук милиция үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында атайын жыйын куруп, милиция кызматерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар, дин кызматкерлери, психологдор, мектеп мугалимдери, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү, активисттер катышты. Жыйынга катышкандар тиешелүү кызматтар биргелешип ыкчам иш алып баруусу, мектептер менен коомдук жайларга видео байкоолорду көбөйтүү, зомбулук боюнча мечиттерде да көбүрөөк баян айтылуусу, алкоголдук ичимдиктерди сатууну кыскартуу сунуштары айтылды.

Өткөн жыл ичинде Баткен облус аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун 327 учуру катталып, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү тарабынан 327 коргоо ордери берилген.

2-январда Кадамжай районунун аймагында 23 жаштагы биринчи топтогу майыптыгы бар келин жолдошунун ур-токмогунан каза тапкан. Келиндин өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, күйөөсү кармалган.

Маркум Айкыз Калмурза кызы былтыр жайында да күйөөсүнөн таяк жеп, 10 күн ооруканада дарыланганын, милицияга жазган арызы каралбай калганын анын жакындары “Азаттыкка” билдирген.

Ички иштер министрлигине 2023-жылы Кыргызстанда 13 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп. 2022-жылы жалпы өлкө боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктун 9880 учуру катталганын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы "Азаттыкка" маалымдаган.

Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан эки жыл катары менен кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталды. (JsA)

XS
SM
MD
LG