Кыргызстандын президенти Кытайдын лидерине көңүл айтты

Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Кытай компартиясынын төрагасы Си Цзиньпинге Синьюй шаарында өрттөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Садыр Жапаров көңүл айтуу телеграммасында Кытайдын Цзянсу провинциясынын Синьюй шаарында көп кабаттуу имараттан чыккан өрттөн адамдар каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын маалымдаган.

Мамлекет башчы Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыр тарткандардын тез сакайып кетишине тилектештигин билдирген.

24-январь күнү Кытайдын чыгыш тарабында Цзянсу провинциясындагы Синьюй шаарында дүкөн өрттөнүп, 39 адам набыт болгон, он адам жаракат алган.(ZKo)

Дагы караңыз

Камактагы 11 журналисттин жакындары маалымат жыйынды эшикте өткөрүштү"Атамдын ыйлаганы катуу тийди". Мигранттын жаңы салган үйү күйүп кетти Лейлекте зомбулукка кабылган 48 аялга коргоо ордери берилгенКыргызстандыктарды чет өлкөгө ишке мыйзамсыз жиберген агенттик аныкталдыКыргызстан эгемендик алгандан бери донор уюмдардан жол тармагына 2 млрд 660 млн доллар каражат алган