Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Кыргызстандыктарды чет өлкөгө ишке мыйзамсыз жиберген агенттик аныкталды


Иллюстрация
Иллюстрация

Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин алдындагы Ишке жайгаштыруу борбору Кыргызстандын жарандарын Словакияга жумушка мыйзамсыз жиберип жүргөн агенттикти аныктады.

Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, бул Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) менен чогуу жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн натыйжасында аныкталды.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында чет элдик Monto Corporation агенттиги кыргызстандык жарандарды Словакияга автобус айдоочулугуна мыйзамсыз жиберип келишкени такталды. Фирма Кыргызстанда каттоодон өткөн эмес, жарандарды чет өлкөлөргө ишке жайгаштыруу менен алектенүүгө укуксуз. Жумушчулардын социалдык коргоосу жана коопсуздугуна кепилдик бербейт. Бул дагы мыйзамга туура келбейт", деп жазылган маалыматта.

Аталган чет элдик компаниянын жетекчилери да чет өлкөлүктөр - Казакстандын жана Словакиянын жарандары. Агенттиктин ишмердигин токтотуу жана жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу боюнча милиция протокол түзгөн.

Элди ишке жайгаштыруу борбору чет өлкөлөрдө иштөөнү каалаган жарандарды кылдат болууга, алданып калбоого жана жеңил иш, оңой акча тууралуу берилген убадаларга азгырылбоого чакырат.

"Менчик агенттиктерге кайрылуудан мурун аларда чет өлкөгө ишке жайгаштыруу укугу бар-жоктугун тактап, бош иш орду тууралуу толук жана так маалымат алып, иш берүүчү менен жумушчунун милдеттери жана укуктары жөнүндө так маалымат алышыңар керек" деп билдирди мекеме.

Чет өлкөгө ишке орноштурууну убада кылган агенттиктердин иши мыйзамдуулугун www.migrant.kg. сайты аркылуу аныктоого болот. Ошондой эле так маалыматтар үчүн министрликтин Бишкектеги өкүлчүлүгүнө - 0312650262, Оштогу өкүлчүлүгүнө - 0322256632 телефондору аркылуу кайрылууга болот.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги былтыр сегиз айда 11 миңден ашуун кыргызстандык чет өлкөлөрдө ишке орноштурулганын маалымдаган. Кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү Англия, Түштүк Корея, Венгрия, Түркия жана Германияга жөнөтүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG