УКМК тогуз жол кайгуул кызматкери пара менен кармалганын маалымдады

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери айдоочулардан пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, алар кызмат абалынан пайдаланып, айдоочулардан, анын ичинде жол эрежесин бузгандардан айып пул протоколдорун түзбөй жана протокол түзөм деп опузалап акча алган туруктуу схема түзүп алганы аныкталган.

Жол кайгуул кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголгон. Тогуз кызматкердин 1500 сомдон 3000 сомго чейин пара алганы аныкталган.

24-январда Баткен-Раззаков жолунун боюнда, Көк-Таш айылында мыйзамсыз акча алып жаткан жеринен дагы эки жол кайгуул кызматкери кармалганы атайын кызмат кошумчалады.

Аймактагы кызматкерлердин айлыгы былтыр жогорулап, 70 миң сом болгонун эске салган.

Шектүү тарап, ИИМ атайын кызматтын билдирүүсү тууралуу комментарий бере элек. (ZKo)

Дагы караңыз

Фейсбуктагы посту үчүн кармалган Асановго өкүм чыкты Бээжин-Бишкек-Бээжин аба каттамы иштей баштады Акылбек Жапаров Кызыл-Омполдо 300 млрд доллар болгон кен байлык бар экенин айттыӨзбекстан жана Кытай лидерлери Бээжинде сүйлөшүү өткөрдүКоррупцияга шек саналган Бекмолдо айыл өкмөт башчысына өкүм чыкты