Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:53

Коррупцияга шек саналган Бекмолдо айыл өкмөт башчысына өкүм чыкты


Бекмолдо айылы Талас районуна карайт.
Бекмолдо айылы Талас районуна карайт.

Таласта жемкорлукка шек саналып кармалган Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Садык Бекназаровго Талас облустук соту өкүм чыгарып, 100 миң сом айып салды.

Мындай чечим өткөн жылы 25-декабрда чыкканын "Азаттыкка" Талас облустук сотунун басма сөз кызматы 25-январда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Бекназаров Кылмыш-Жаза кодексинин 273-беренеси ("Сапаты начар курулуш") менен күнөөлүү деп табылган. Аны менен кошо кармалган техникалык көзөмөлчүгө 100 миң сом айып салынса, «Календер-Курулуш» ишканасынын жетекчиси мамлекеттин пайдасына 3 млн 519 миң 508 сом төгүп берген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү инфраструктураны жакшыртууга бюджеттен бөлүнгөн акчаны "кымырып алган" деген шек менен өткөн жылы январь айында кармаган. Аны менен кошо "Календер-Курулуш" ишканасынын жетекчиси жана техникалык көзөмөлчү кармалган.

Расмий кабарда айтылгандай, Бекмолдо айылынын жолдорун оңдоого 1,5 млн сом сарпталып, бирок документтерге 5 млн сомдон ашык кеткени көрсөтүлгөн.

Маалыматта "Календер Курулуш" ишканасы материалдар кымбаттап кеткенин айтып, негизги суммага кошумча каражат талап кылып, ишти токтотуп койгону, бирок текшере келгенде анын аткарган жумушу стандартка туура келбегени, баасы кымбат көрсөтүлгөнү аныкталганы айтылган. Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши ачылган.

Бул коррупциялык иш боюнча "Азаттык" радиосу сюжет жарыялаган. Анда Кара-Ой айылындагы ички жолдорго бөлүнгөн акчага асфальт төшөлбөгөнү көрсөтүлгөн. Ал эми Бекназаровдун жакындары анын күнөөсү жок экенин айтып чыгышкан.

Бекмолдо айыл өкмөтүнө Таластагы Жер үй алтын кени жакын жайгашкан. (MKt)

XS
SM
MD
LG