Фейсбуктагы посту үчүн кармалган Асановго өкүм чыкты

Кубанычбек Асанов. Атайын кызмат тараткан сүрөт.

Фейсбукта "Куба Буба" деген аккаунттун ээси Кубанычбек Асановго Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-январда өкүм чыгарды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" райондук соттун басма сөз кызматы 25-январда билдирди.

Маалыматка караганда, соттун чечими менен ал бир жылга абакка кесилген, бирок буга чейин абакта отурган бир күнү эки күнгө тете болуп, жазасын өтөп бүткөн деп эсептелди. Өкүм бир айдын ичинде күчүнө кирет.

Асанов Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) менен күнөлүү деп табылган.

Аны атайын кызмат өткөн жылы 11-майда кармаган. Адвокаты Акин Токталиев Кубанычбек Асанов Фейсбукта "Көчөдө жүргөн лөлүлөр Кыргызстандан чыгарылсын" деп пост жазганы себеп болгонун билдирген.

Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына 15-ноябрда чыккан.

Камалганга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду колдогон билдирүүлөрдү социалдык тармактардагы баракчаларына жазып турган.

Адвокат Акин Токталиев Асанов коюлган айыпта моюнуна албаганын, кийинчерээк апеляциялык арыз менен жогорку инстанцияга кайрылуу болорун маалымдады.

Кыргызстанда социалдык тармактын колдонуучулары жарыялаган билдирүүлөрү үчүн ар кандай айып менен камакка алынган окуялар катталып жатат. (MKt)

Дагы караңыз

Коррупцияга шек саналган Бекмолдо айыл өкмөт башчысына өкүм чыктыУКМК Жамгырчиевдин камалышы тууралуу маалымат берди БУУ Израилдин аткылоосу учурунда тогуз кишинин өлүмүн айыптады