Ош шаардык соту блогер Улукбек Карыбек уулунун ишин кыскартты

Улукбек Карыбек уулу.

25-январда Ош шаардык соту блогер Улукбек Карыбек уулунун ишинде кылмыштын белгилери жок деген негиз менен ишти кыскартты. Бул тууралуу блогер “Азаттыкка” билдирип, прокурор ага каршы айып коюудан баш тартканын кошумчалады.

2023-жылдын 12-июлунда Улукбек Карыбек уулу Ютуб каналына “Ош облустук оңолбос төрөт үйү” деген видео жарыялаган. Анда бейтаптардын дарыгерлер акча талап кылганын айтып берген маектерин көрүүгө болот.

Былтыр 7-июлда Ош шаардык милициясы төрөт үйүнүн дарыгерлеринен алар арткы эшикти бузуп кирип, уруксатсыз видеого тартып, дарыгерлердин жумушуна тоскоолдук кылып жатканы, дээрлик 37 миң сомдук чыгым келтирилгени тууралуу маалымат түшкөнүн, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранышканын билдирген. Блогерге Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренесинин негизинде иш козголгон.

16-июлда Ош шаардык соту Улукбек Карыбек уулунун кармалышын мыйзамдуу деп таап, тергөөчүнүн аны эки айга камоо тууралуу өтүнүчүн четке каккан жана блогерди эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил кат менен бошоткон.

Блогер коюлган айыптарды четке кагып, өзү да видеоаппараттарын тартып алууга аракет кылган дарыгерлерге каршы арыз жазганын, бирок ал каралбай жатканын айткан.

Улукбек Карыбек уулунун Ютубдагы каналына 570 миңге жакын адам катталган. Ал мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык иштер, тейлөөнүн сапаты боюнча видеолорду жарыялап турат. (BTo)

Дагы караңыз

Кумар оюндары тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окуудан өттү ТИМ өзбек жарандарынын Кыргызстанда жүрүү эрежелери тууралуу билдирүү таратты"Сапат" окуучуларга кол көтөргөн мугалим иштен алынганын билдирдиМинистр Амангелдиев Кабулда "Талибан" өкмөтүнүн өкүлү менен жолуктуДепутат Ашимова кыздардын медреселерин текшерүүгө чакырдыЖАМК абактагы кыйноо тууралуу билдирүүлөр иликтенип жатканын билдирди Зеленский Орусиядагы учак кырсыгын эл аралык деңгээлде иликтөөнү талап кылат