Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:18

"Сапат" окуучуларга кол көтөргөн мугалим иштен алынганын билдирди


"Сапаттын" Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы лицейи.
"Сапаттын" Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы лицейи.

“Сапат” билим берүү мекемеси Кызыл-Кыя шаарындагы Исхак Раззаков атындагы лицейде мугалим окуучуга кол көтөргөн окуя тууралуу билдирүү таратты. Териштирүү жүрүп, тасмада окуучуларга күч колдонгон мугалим менен лицейдин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары жумуштан алынганын билдирди.

Ал эми директордун жоопкерчилиги “Сапаттын” башкы башкармалыгынын педагогикалык чукул жыйынында каралары жазылган.

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилиги балага кол көтөргөн педагогдун туура эмес аракеттеринен жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен кечирим сурайт. Балага кол көтөрүү эч качан акталбайт жана биздин билим берүү мекемебизде буга жол берилбейт”, - деп жазылган түшүндүрмөдө.

Баткен облустук милициясы окуя каттоого алынып, текшерүү иштери башталганын кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 22-январда кечинде болгон. Интернетке тараган тасмада мугалим экени айтылган адам жатаканада окуучуларга күч колдонуп, сабаганын көрүүгө болот.

Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан "Сапат" эл аралык билим берүү мекемелери мыкты мектеп катары белгилүү. Анын окуучулары республикалык жана эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарды алып жүрөт.

Кыргыз бийлиги 2017-жылдын башында "Себат" лицейин "Сапат" деп өзгөртүп, жарым-жартылай өкмөттүн ээлигине алган. “Сапаттын" өлкө аймагында ондогон лицейлери, бир университети бар.

XS
SM
MD
LG