Депутат Ашимова кыздардын медреселерин текшерүүгө чакырды

Динара Ашимова

Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова Кыргызстандагы аялдар жана кыздардын медреселерин текшерүүнү талап кылды. Ал парламенттин 25-январдагы жалпы отурумунда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен муфтиятты "медреселердеги сабактардын программасына жана мугалимдердин кимдигине көңүл бурбай жатат" деп сындады.

"109 медресенин жарымынан көбү аялдардын жана кыздардын медресеси. Ал жакта кимдер иштеп, кандай мугалимдер кыздарга эмнени окутуп жатат, бул белгисиз. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия буга көңүл бурбайт. Ал жакта кыздар болгону теологиялык гана илим алып, башка сабактар, адистиктер окутулган жок. Ошондуктан, кыздар медреседен кийин кайда барып иштешин билбей, экстремисттик агымдарга кирип кетип атышат. Учурда ушундай коркунучтуу тенденция бар. Ошондой эле кыздарыбыз медреседен кийин эле күйөөгө тийип, ажырашуулар, зордук-зомбулук көп болуп жатат. Ошондой эле муфтиятта да аялдардын бөлүмү жок. Ал жакта бир да аял расмий иштебейт экен".

Динара Ашимова Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга медреселерди текшерип, ал жактагы жагдайларды көзөмөлгө алуусун тапшырууну өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнөн өтүндү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) былтыр мыйзамсыз иштеген бир нече медресенин ишмердүүлүгүн токтоткон. Алардын ичинде Сузак районунда мыйзамсыз, жашыруун иштеп жаткан эки медреседе окуган кыздар орто мектептерге барбай, Куран окуп, хадистерди үйрөнүшкөнү кабарланган. Кыздарга диний сабаты жок мугалимдер Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан текшерилбеген адабияттарды колдонуп, сабак өтүшкөнү айтылган.

28-декабрда президент Садыр Жапаров Кыргызстанда Ислам академиясын түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Билим берүү жана илим министрлиги аталган академия теологиялык билим берүү системасын өркүндөтүү, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жана билим берүүдө дүйнөдө атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максатында түзүлөрүн билдирген.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны - 399, калгандары башка диндерге таандык.(ZKo)

Дагы караңыз

Депутаттын этикасы: жүрүм-турумду тескеген кодекс керекпи?ЖАМК абактагы кыйноо тууралуу билдирүүлөр иликтенип жатканын билдирди Зеленский Орусиядагы учак кырсыгын эл аралык деңгээлде иликтөөнү талап кылатУКМК Жамгырчиевдин камалышы тууралуу маалымат берди