Орусия украиналык 65 туткунду ташып бараткан учак кырсыкка кабылганын билдирди

Ил-76 учагы (иллюстрациялык сүрөт)

Орусияда 24-январда украиналык туткун аскерлерди алмаштыруу үчүн ташып бараткан учак кырсыкка кабылганын орус Коргоо министрлиги тастыктады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя Белгород облусунда болду. Ил-76 учагынын ичинде украиналык 65 туткун жана Орусиянын тогуз жараны (экипаждын 6 мүчөсү жана коштоочу 3 киши) бараткан.

Жергиликтүү телеграм-каналдар жарыялап жаткан видеолордон жана сүрөттөрдөн кулап бараткан учактан кийинки жарылууну, түтүн чыгып жаткан жерди аскер кызматкерлери курчап турганын көрүүгө болот.

Дагы караңыз

Алматыда жер титирөөдөн кийин жыйырмадай имаратта жарака кеттиКулаган тик учак боюнча кылмыш ишин Аскер прокуратурасы тергеп жататУКМК Ала-Букада эл аралык маңзат каналына бөгөт коюлганын билдирди