Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:20

Алматыда жер титирөөдөн кийин жыйырмадай имаратта жарака кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Алматы шаарында 23-январдагы жер титирөөдөн кийин жарака кеткен имараттар 19 экенин өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянып бүгүн 24-январда “Азаттык” радиосунун казак кызматы билдирди. Кырсык болгон түнү ыкчам штабдарга 800дөй телефон чалуу болгону маалымдалды.

Премьер-министр Алихан Смаилов өкмөттүн жыйынында Алматынын жергиликтүү бийлигинин өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын сынга алды:

“Маалымат өз убагында берилбегендиктен эмне кыларын билбей калган адамдар дүрбөлөңгө түштү. Алар экинчи, үчүнчү кабаттан секирип жатышты. Убагында эскертүү берилбей калды”.

Алматыда жер титирөөдөн кийин ооруканага кайрылгандар 67ге жеткени, алардын 55и чоңдор, 12си балдар экени, баары тийиштүү медициналык жардам алып жатышканы, сегиз киши ооруканага жаткырылып, калгандары амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөнү кабарланды.

Ооруканага түшкөндөрдүн бирине операция жасалганы, ал реанимацияда, абалы оор деп бааланып жатканы, Травматология жана ортопедия бөлүмүндө жаткан эки кишинин абалы орточо оор экени маалымдалды.

Алты жана жети айлык эки ымыркай, 7 жана 16 жаштагы эки бала да ооруканада жатат.

АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, шейшембиге караган түнү Кытайда бир нече жолу жер силкинди. Алардын эң кубаттуусунун магнитудалык күчү 7 деп көрсөтүлдү.

Казакстанда термелүүнүн күчү Алматыда 5, Чымкентте 4 баллга жеткенин Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган. Ошондой эле Астана шаарында, Алматы облусунда, Чыгыш-Казакстан, Жетису, Жамбыл, Караганды облустарында да сезилген.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий маалыматына караганда, 23-январда түнкү саат 00:09да Кытайдын аймагында очогунда күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында жана Бишкек шаарында 4 балл болуп сезилди. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG