Римде "Италия+Борбор Азия" жыйыны өтөт

Италиянын желеги

Италиянын Тышкы иштер министрлигинде Борбор Азиядагы мамлекеттердин элчилери менен жолугушуу болду. Алар быйыл өтө турган "Италия+Борбор Азия" жыйынын уюштуруу маселесин талкуулашканын расмий Бишкек кабарлап, ага элчи Таалай Базарбаев катышканын маалымдады.

"Италия+Борбор Азия" жыйыны тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде болот. Ал качан өтөрү тууралуу азырынча маалымат жок. Аталган иш-чара Италиянын "Чоӊ жетиге" (G7) төрагалыгынын алкагында уюштурулат.

Былтыр 8-ноябрда Жапониянын тышкы иштер министри Ёко Камикава Токиодо өткөн "Чоң жетинин" башкы дипломаттарынын жыйынында Борбор Азиянын өлкөлөрүн "мыйзам үстөмдүгүнө негизделген эркин, ачык эл аралык тартипти сактоо жана бекемдөө жагынан маанилүү өнөктөш" деп атаган. 2024-жылы "Борбор Азия + Жапония" диалог саммити өткөрүлөрү кабарланган.

"Чоң жети" - АКШ, Британия, Германия, Италия, Канада, Франция жана Жапония кирген эл аралык бирикме.

Октябрда Берлинде "Германия+Борбор Азия" саммити өткөн. Анда немис канцлери Олаф Шольц Борбор Азиянын беш лидери менен жолуккан. Анын алдында ушундай эле саммит АКШда болгон. (SE)

Дагы караңыз

"Кыргызча контент жок, балдардын тили орусча чыгууда" Трамп республикачылардын Нью-Гэмпширдеги праймеризин утту24.kg агенттиги мүлкүн камактан чыгаруу тууралуу өтүнүч менен УКМКга кайрылды