Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:30

Трамп республикачылардын Нью-Гэмпширдеги праймеризин утту


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Нью-Гэмпшир штатында 23-январда республикачылар арасында өткөн президенттикке талапкерлерди баштапкы шайлоодо (праймериз) добуштардын 55% ээлеп, алдыга чыкты.

Ал республикачы делегаттардын добуштарынын кеминде 11ин, ал эми анын жалгыз атаандашы Никки Хейли кеминде 8ин алышты. Нью-Гэмпширде республикачылардын 22 делегаты бар.

Республикачылар партиясынан талапкер болуп көрсөтүлүү үчүн жалпысынан 1215 делегаттын добушун алуу зарыл. Талапкердин аты партиянын июль айындагы съездинде белгилүү болот.

Трамптын Нью-Гэмпширдеги жеңиши анын ноябрдагы президенттик шайлоого катышып, өлкөнүн азыркы башчысы, демократ Жо Байденге кайрадан атаандаш болуу ыктымалдыгын жогорулатканын байкоочулар белгилеп жатышат.

23-январдагы праймеризде Трамка негизги атаандаш болгон Хейли (Түштүк Каролинанын экс-губернатору, Бириккен Улуттар Уюмундагы мурдагы элчи) Никки Хейли аны куттуктап, күрөшүн улантарын айтты жана “Жарыш али аягына чыга элек”, - деп белгилеп, Трампты дебатка чакырды.

Бир нече айга созулуучу праймериз процесси жайында Демократтар жана Республикачылар партияларынан талапкер тандоо менен жыйынтыкталат. Кийинки праймериз февралда Түштүк Каролинада жана Невадада өтөт.

Байден Нью-Гэмпширдеги демократтардын праймеризинин талапкерлер тизмесине киргизилген эмес, анткени партиянын жетекчилигинин алгачкы праймеризди Түштүк Каролинадан баштоо тууралуу демилгесин колдогон. Бирок Байдендин Нью-Гэмпширдеги тарапташтары анын атын бюллетенге кол менен жазып, 67% добушун беришти. (RK)

XS
SM
MD
LG