Трамп республикачылардын Нью-Гэмпширдеги праймеризин утту

Дональд Трамп.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Нью-Гэмпшир штатында 23-январда республикачылар арасында өткөн президенттикке талапкерлерди баштапкы шайлоодо (праймериз) добуштардын 55% ээлеп, алдыга чыкты.

Ал республикачы делегаттардын добуштарынын кеминде 11ин, ал эми анын жалгыз атаандашы Никки Хейли кеминде 8ин алышты. Нью-Гэмпширде республикачылардын 22 делегаты бар.

Республикачылар партиясынан талапкер болуп көрсөтүлүү үчүн жалпысынан 1215 делегаттын добушун алуу зарыл. Талапкердин аты партиянын июль айындагы съездинде белгилүү болот.

Трамптын Нью-Гэмпширдеги жеңиши анын ноябрдагы президенттик шайлоого катышып, өлкөнүн азыркы башчысы, демократ Жо Байденге кайрадан атаандаш болуу ыктымалдыгын жогорулатканын байкоочулар белгилеп жатышат.

23-январдагы праймеризде Трамка негизги атаандаш болгон Хейли (Түштүк Каролинанын экс-губернатору, Бириккен Улуттар Уюмундагы мурдагы элчи) Никки Хейли аны куттуктап, күрөшүн улантарын айтты жана “Жарыш али аягына чыга элек”, - деп белгилеп, Трампты дебатка чакырды.

Бир нече айга созулуучу праймериз процесси жайында Демократтар жана Республикачылар партияларынан талапкер тандоо менен жыйынтыкталат. Кийинки праймериз февралда Түштүк Каролинада жана Невадада өтөт.

Байден Нью-Гэмпширдеги демократтардын праймеризинин талапкерлер тизмесине киргизилген эмес, анткени партиянын жетекчилигинин алгачкы праймеризди Түштүк Каролинадан баштоо тууралуу демилгесин колдогон. Бирок Байдендин Нью-Гэмпширдеги тарапташтары анын атын бюллетенге кол менен жазып, 67% добушун беришти. (RK)

Дагы караңыз

24.kg агенттиги мүлкүн камактан чыгаруу тууралуу өтүнүч менен УКМКга кайрылды УКМК 24.kg агенттигинин мүлкүн камактан чыгаруу өтүнүчүн четке кактыБишкекте эки жаңы автобус каттамы ачылдыОшто жаңы курулуп жаткан турак жайдан бир жумушчу кулап каза болду