Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Ошто жаңы курулуп жаткан турак жайдан бир жумушчу кулап каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

23-январда Ош шаарында жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдан бир киши кулап түшүп, каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, каза болгон 28 жаштагы киши турак жайдын курулушунда жумушчу катары иштеп жаткан. Маркум Кара-Кулжа районунун тургуну болгон.

Бул боюнча шаардык милиция кылмыш ишин козгоп, териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

Окуя боюнча "Карагай курулуш" компаниясын өкүлдөрү комментарий бере элек.

Ош шаарында курулуп жаткан турак жайлардагы кырсык буга чейин да катталган. Былтыр 26-октябрда Масалиев проспектисинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө бир жумушчу экинчи кабаттан кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аны куткарып, ооруканага жеткирилген.

Анын алдында 4-октябрда Курманжан Датка көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн лифти түшүп кетип, бир киши каза болгон. Милиция каза болгон жаран ал үйдө лифт оңдоочу болуп иштеп жүргөнүн билдирген. (DSh)

XS
SM
MD
LG