УКМК 24.kg агенттигинин мүлкүн камактан чыгаруу өтүнүчүн четке какты

УКМКнын кызматкерлери 24.kg агенттигине тиешелүү жабдууларды алып кетип жатат. 2024-жылдын 15-январы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 24.kg маалымат агенттигинин кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгаруу боюнча өтүнүчтү канаттандырган жок. Бул тууралуу маалыматты басылма 24-январда өз сайтына жарыялады.

Атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгынын катында редакция жетекчилигинин өтүнүчү эмне себептен четке кагылганы жазылган эмес. Анда болгону бул иш боюнча зарыл болгон ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатканы айтылган.

Буга чейин 24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева редакциянын кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгарып, кайтарып берүү өтүнүчү менен Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетине (УКМК) кайрылган.

Медианын сайтындагы маалыматка караганда, Оторбаева УКМКнын башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Эрлан Акынбековго жазган өтүнүч катында алардын кеңсеге кириши эмне себептен жана эмненин негизинде чектелгенин билбей жатканын белгилеген.

"Талаштуу макаланын эч кандай терс кесепеттери же резонанстар катталган жок. Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында материалдык зыян келтирилген эмес", - деп айтылат катта.

Асел Оторбаеванын маалыматы боюнча, медианын камакка алынган мүлкүнүн протоколу берилген эмес жана кеңсе кандай негизде мөөр басылып, жабылганы белгисиз.

15-январда 24.kg агенттигинин имаратына УКМКнын кызматкерлери капысынан келип, анын жетекчиси Асел Оторбаеваны, редакторлор Антон Лымарды жана Махинур Ниязованы кармап кеткен. Алар сурак берип чыккан. Кийин медиага карата "согушту пропагандалоо" деген 497-берене боюнча кылмыш иши козголгону маалым болгон.

16-январда болсо Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин "массалык тартипсиздик" 278-беренесинин 3-бөлүгү боюнча ("бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздикке чакыруу, ага тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу") боюнча кылмыш ишин козгоп, он бир журналистти жапырт кармаган.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алардын баары эки айга камалды.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

19-январда президент Садыр Жапаров журналисттердин кармалышы боюнча “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда 24.kg сайтына козголгон кылмыш иши тууралуу учкай пикирин билдирип, бул иштер “мыйзам талап кылгандай уланышы керектигин” айткан.

Ал эми камакка алынган 11 адамды “алар кесипкөй журналист эмес", "социалдык тармактарда ар кандай маалыматтарды чыгарып, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратып жатат” деген.

Дагы караңыз

Ошто жаңы курулуп жаткан турак жайдан бир жумушчу кулап каза болдуАба ырайы: тоолуу аймактарда -30 градус суук болот Кемпир-Абад иши: Абактагы Дүйшөбаев басым болуп жатканын айтты Президент артка кайтарган мунапыс берүү мыйзамы парламентте кайра каралды