Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Кемпир-Абад иши: Абактагы Дүйшөбаев басым болуп жатканын айтты


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын айрымдары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын айрымдары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткандар абак кызматкерлери тарабынан кысым жасалып жатканын билдиришти. Алардын мындай дооматын укук коргоочу Рита Карасартова 24-январдагы сот отуруму башталар алдында тасмага тартып, Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

"Бийлик бизди айыптаган далилин көрсөтө албай, бизге моралдык-психологиялык басым көрсөтүүгө өттү. Түнкү саат 12ден кийин кызматкерлер камераларга келип, тинтүү жүргүзүп, түнү бою уктатпай, эшик-терезелди такылдатып, коридордо кыйкырып жатышат. Бирок биз буга сынбайбыз", - деп айткан видеодо айыпталуучулардын бири, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев.

Сот кызматкерлери жана кайтаруучу аскерлер видео тартууга тоскоолдук кылганы тасмада тартылып калган.

Тергөө абагында күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын мурдараак айыпталуучулардын бири Темир Махмудов да билдиргенин “Азаттыкка” анын жактоочусу Асел Аргынбаева маалымдаган.

Махмудов адвокатына аны конвойлор камерасына кирип, орой сөздөрдү айтып, коркутканын айтып берген.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы Махмудовдун билдирүүсү боюнча кызматтык териштирүү жүрө турганын билдирди. Ошондой эле абактарда көзөмөл камералары орнотулганы себептүү ал жерлерде кыйноо болушу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активист 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта алардын ондон ашыгы тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин 2023-жылы июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Иш “жашыруун” деген негиз менен соттук жараяндар жабык өтүп жатат. Шектүүлөр отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG