Президент артка кайтарган мунапыс берүү мыйзамы парламентте кайра каралды

Иллюстрациялык сүрөт.

Баш мыйзамдын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу кабыл алынган Мунапыс жөнүндөгү мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаров артка кайтарганы белгилүү болду. Бул тууралуу Жогорку кеңештин 24-январдагы жыйынында юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов билдирди.

Ал мунапыс берүү жөнүндө мыйзамда "оорлотуучу жана өзгөчө оорлотуучу жагдайда киши өлтүрүү" боюнча категория каралганын, буга кирген соттолгондорго мунапыс берилбей турганын белгиледи.

“Ошого байланыштуу кабыл алынган мыйзамдын 1-беренесинин 2-бөлүгүн КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдын редакциясындагы 129-берененин 3-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 130-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктуна шилтеме менен толукталсын деп белгиленген”, - деди Орозов.

Ал мындан тышкары мыйзамга жана өкмөттүн токтомуна ылайык, 18 жашка чейинки балдар “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген” категорияга кирерин, аларга майыптуулук тобу ыйгарылбай турганын белгиледи. Ушуну эске алып, мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Парламент төрагасынын орун басары Жамила Исаева мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет кайра караганын белгилеп, долбоорду добушка койду. Бул документти 74 депутат колдоп, мыйзам кайра кабыл алынды.

Мунасып берүү жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш былтыр 23-ноябрда кабыл алган.

Кыргызстандын абактарында жазасын өтөп жаткан адамдардын айрымдарына мунапыс берүү жөнүндө мыйзамга ылайык, оор эмес кылмыш кылганы үчүн айыпталган төмөнкү адамдар жаза өтөөдөн бошотулат:

- жашы 55тен жогорку аялдар жана жашы 60тан жогорку эркектер;

- I - II - топтогу майыптыгы бар адамдар, үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу, эки же андан ашык жашы жете элек же майыптыгы бар балалуулар;

- биринчи ирет соттолгондор, жалгыз бой энелер, көп балалуу аялдар;

- мыйзам күчүнө кирген күнгө карата бир жылга жетпеген жаза мөөнөтү калган аялдар, жашы жете элек өспүрүмдөр.

Мыйзамдын автору жана демилгечиси - депутат Жусупбек Коргонбай уулунун маалымдашынча, жалпысынан 1986 адам тууралуу сөз болууда.

Жаза аткаруу кызматынын бүгүнкү маалыматына караганда, Кыргызстанда соттолгондордун жалпы саны 7402 адам, алардын 6495и абакта отурат.

Дагы караңыз

Бишкекте эки жаңы автобус каттамы ачылдыКемпир-Абад иши: абактагы Махмудов кыйноого кабылганын айтып чыктыКадырбеков: Табигый кырсыктан сактануунун жолдорун үйрөтүү керек Депутаттар синтетикалык баңгизаттарды сатууну тескөө талабын коюшту