Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:43

Кадырбеков: Табигый кырсыктан сактануунун жолдорун үйрөтүү керек


Кытайдагы жер титирөөдөн кийинки үй. 23-январь, 2024-жыл.
Кытайдагы жер титирөөдөн кийинки үй. 23-январь, 2024-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков парламенттин 23-январдагы отурумунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) өкүлүнө кайрылып, түрдүү табигый кырсыктар болгон учурда адам өмүрүн сактап калуунун чаралары жөнүндө маалыматтар жетишсиздигин белгиледи.

"Жер титиреген учурда адамдардын жабыркоосунун басымдуу бөлүгү үйдөгү эмеректер басып калган учурлардан болот экен. Шкаф кулап кетет, люстра түшүп кетет жана башка. Кырсык болгон учурда паникага алдырбай, аман калуунун жолдорун үйрөтүүчү каражаттар болсо. Мисалы, унаада баратканда, поездде, учакта жол жүрүп баратканда же дагы башка учурларда болгон табигый кырсыктарда кантип аман калуунун жолдорун үйрөтүү керек".

Депутат Дастан Бекешев кесиптешинин сөзүн кубаттап, 23-январга караган түндө айрымдар "жер титирөө кайталанат" деген фейк маалыматтарга ишенип алып, дүрбөлөңгө түшкөнүн айтты. Бекешев да түрдүү табигый же техникалык кырсыктарда коопсуздугун сактоо жолдору бала бакчалардан тартып окутулуп, үйрөтүлүшү зарылдыгын белгиледи.

Жогорку Кеңещ 24-январдагы отурумунда Кыргызстанда Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Азия жана Борбор Азия аймактык кеңсесин түзүү келишимин ратификациялоо маселесин карап жатат.

23-январга караган түндө 23-январга караган түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 7-8 баллга жеткен силкинүү катталып, анын толкуну Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга чейин жеткен. Алматы шаарында 5 балл, Бишкекте 4 балл, Ташкентте 3 балл болгон.

Кыргызстандын ӨКМи Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл болуп сезилгенин кабарлаган.

Министрлик силкинүүнүн кесепеттерин аныктоо максатында жарандык коргонуу комиссиясын түзгөн. Учурда жер титирөөдөн жабыркаган имараттарды аныктап-тактоо иштери жүрүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG