Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:36

Депутаттар синтетикалык баңгизаттарды сатууну тескөө талабын коюшту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 24-январдагы отурумунда бир катар депутаттар синтетикалык баңгизаттардын сатылышын тескөө талабын коюп, дарыканалардын ишин көзөмөлгө алууну сунушташты. Депутат Балбак Түлөбаев бүгүнкү күнү дарыканаларда ачык сатылып жактан синтетикалык баңги заттар келечекти криминалга буруп жатканын айтты.

"Көзгө тамчылаткан баңгизат дарыканада ачык эле, жаш балдарга сатылып жатат. Биз кылмышкерлер менен күрөшөбүз деп коюп, аларды азыртан өзүбүз даярдап, салып берип атпайбызбы. Муну бир иретке келтириш керек. Аптекаларга сатпа дей албасак да, жол-жобосун жөнгө салыш керек".

Түлөбаевдин сөзүн улаган депутат Марат Мураталиев синтетикалык баңгизатты түбү менен жок кылуу зарылчылыгын айтты.

Жыйынга катышып жаткан Ички иштер министрлигинин өкүлү Нурбек Абдиев мындай көйгөй бар экендигин, учурда аны токтотуу аракети көрүлүп жатканын айтты. Абдиевдин сөзүнө караганда, жалпы баңги затка каршы күрөш алкагында синтетикалык баңги затка да каршы күрөш жүргүзүлүүдө.

Улуттук статистика комитети 2020-жылы өлкөдө маңзатка көз каранды 8,5 миң киши бар деп эсептеген. Адистер таблеткага көз карандылардын көпчүлүгү баш калаа Бишкек, Чүй облусунун мектеп окуучулары арасында болуп жатканын билдирет.

"Сорос Кыргызстан" фонду 2019-жылы изилдөө жүргүзүп, өлкөдөгү маңзатка көз карандылардын саны расмий эсептелген статистикадан бир нече эсе жогору болушу мүмкүн деп божомолдогон. Алардын дээрлик 65 пайызы 24 жашка чейинки жаштар экенин изилдөө көрсөткөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG