Бишкекте эки жаңы автобус каттамы ачылды

Кытайдан алып келинген автобустар. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында айланма багытында №55 жана №56 автобус каттамдары киргизилди.

№55 каттам борбор калаанын түштүк тарабында Чоң-Арык айылындагы Эркин экономикалык аймактан тартып, Садырбаев, Жеңиштин 50 жылдыгы, Семетей, Байтик баатыр, Абдрахманов көчөлөрү, Жибек Жолу, Манас, Ч.Айтматов проспектилери аркылуу айланма багытында жүрөт.

Ал эми №56 каттам ага карама-каршы багытта: Чоң-Арык айылынан тартып, Ч.Айтматов, Манас, Жибек Жолу, Абдрахманов, Байтик баатыр, Семетей, Жеңиштин 50 жылдыгы жана Садырбаев көчөлөрү менен каттайт.

Мэриянын маалыматына ылайык, каттамдардын ар бирине 25тен автобус чыгат.

Өкмөт былтыр Бишкекти миң жаңы автобус менен камсыздоону көздөп жатканын билдирген. Жаңы жылдын алдында шаарда 500 автобус жүргүнчү ташып жатканы кабарланган. (ZKo)

Дагы караңыз

"Зеленскийдин Путинге жообу". Киев Орусиядагы украиндердин укуктарын коргойт Кадырбеков: Табигый кырсыктан сактануунун жолдорун үйрөтүү керекОш: Бала бакчадагы башаламандык Кыргызстанда түндө эки ирет жер титиредиБритания ТИМинин санкциялар дирекциясынын өкүлдөрү Бишкекке келди