Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:25

Кыргызстанда түндө эки ирет жер титиреди


Кыргызстандын сейсмология институтунун маалымдашынча, 24-январь күнү саат 01:11де Кытайдын аймагында жер титирөө кайталанып, очогунда күчү 2.5 баллга жеткен жер титирөөнүн толкуну Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда да сезилген. Жети-Өгүз районунун Ыштык айылында 2.5 балл, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 2,5 баллды түздү.

Ушул эле күнү саат 02:38де силкинүү Кытайдын аймагында кайталанып, очогунда күчү 6,5 баллга жеткен. Кыргызстандын Жети-Өгүз районунун Ыштык, Кара-Сай, Бедел, Ак-Шыйрак айылдарында да жер титиреп, күчү 3 баллды түздү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) баштапкы маалыматтар боюнча силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын билдирүүдө.

23-январга караган түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 7-8 баллга жеткен силкинүү катталып, анын толкуну Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга чейин жеткен. Алматы шаарында 5 балл, Бишкекте 4 балл, Ташкентте 3 балл болгон.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл болуп сезилгенин кабарлаган.

Министрлик силкинүүнүн кесепеттерин аныктоо максатында жарандык коргонуу комиссиясын түзгөн. Учурда жер титирөөдөн жабыркаган имараттарды аныктап-тактоо иштери жүрүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG