Украиналык айрым эксперттер муну Москванын пропагандасына каршы туруу аракети катары сыпаттаса, орус расмий адамдары демилгени Киевдин өз көйгөйлөрүн жаап-жашыруу аракети деп атады.
Кремль кошуна өлкө Орусиянын тарыхый бөлүгү болчу деген аргументин ички иштерине кийлигишүүсүн, басып кирүүсүн актоо үчүн пайдаланып келатат.
Зеленскийдин буйругу
22-январда украин президентинин расмий сайтында жарык көргөн документ “Украиндер эзелтен байырлаган Орусия федерациясынын аймактары жөнүндө” деп аталат. Буйрукта Орусиядагы украиндер тууралуу тарыхый эс тутумду калыбына келтирүү жана сактап калуу зарылдыгы, Москва кылымдар бою “улуттук нарк-насилдерди жок кылуу”, украиндерди “басмырлоо”, алардын укуктарын жана эркиндиктерин бузуу саясатын жүргүзүп келатканы белгиленет.
Документте байыркы кылымдардан бери украиндер жашап келген региондор деп Орусиянын азыркы Краснодар крайы, Белгород, Брянск, Воронеж, Курск, Ростов облустары аталган.
Зеленский Украинанын, украиндер байырлаган жерлердин тарыхын дүйнөгө таанытуу, этникалык украиндер, Орусия “кул кылып алган элдер” тууралуу маалыматты окуу китептерине киргизүү көрсөтмөсүн берди.
"Орусиянын пропагандасына туруштук берүү чарасы"
Украиналык политолог Владимир Фесенко “Настоящее время” телеканалына берген интервьюсунда бул демилгени “Путинге болгон идеологиялык жооп” деп сыпаттады.
“Кеп маалыматтык-пропагандалык, идеологиялык иштер, документалдык база даярдоо үчүн жооп берген тарыхчылардын аракеттери тууралуу жүрүүдө. Ошол материалдарды маалымат мейкиндигине алып чыгуу, буйрукта айтылган аймактарда украиндер эзелтен жашаган деп көргөзүү зарыл”.
Саясат таануучу өз үй-бүлөсүнүн мисалына кайрылып, 1920-30-жылдары Белгород облусунда украиндердин фамилияларын орусташтыруу жүргөнүн, натыйжада Фесенков дегендер пайда болгонун баяндайт. Анын айтымында, чоң энеси өмүрүнүн аягына чейин украинче сүйлөгөнү менен, балдары толугу менен орусташкан. Себеби административдик, маданий, агартуу системалары да орусташкан.
Эксперттин пикиринде, буйруктун практикалык баалуулугу жок болгону менен орус пропагандасына каршы күрөштө мааниси чоң. Эмне дегенде Орусия согуш баштагандан бери өзүнүн тарыхый жерлерин кайтарып жатканын айтып келди. Бирок украин жерлери Орусия Федерациясынын курамында да бар.
“Биздин саясий позициябыз орус пропагандасын төгүнгө чыгарууну көздөшү керек. Кылмыш азыр эмес, орус падышасынын режиминен башат алган, советтик доордо масштабы кеңейген. Ошол империялык тенденцияны, азыркы кылмыштар мындан мурун эле башталганын көргөзүү абдан маанилүү. Бул – Орусия тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү, тарыхый жерлерди кайтаруу деп атаган аракеттерге биздин жообубуз. Биз болсо украиндер байыркы замандан бери жашап жүргөн аймактар Орусияда да бар экенин көргөзүүдөбүз. Бул аргументти эл аралык сотто да колдонсо болот”.
Агрессияга жеткирген "жасалма мамлекет" теориясы
Орусиянын бир катар расмий өкүлдөрү Зеленскийдин буйругун сындап, айрымдары ачыктан-ачык мазактоого өтүштү.
Кремль документти Киев режимининин өз көйгөйлөрүн жаап-жашыруу амалы деп сыпаттады.
ТАСС агенттиги: “Русофобия Украинада эбак эле мамлекеттик саясатка айланганын”, Киев 2014-жылдан бери “орус тилин жашоонун бардык чөйрөлөрүнөн сүрүп чыгаруу сяасатын жүргүзгөнүн” билдирди.
Орусия менен Украинанын тарыхы азыркы улут деген түшүнүк пайда боло электе эле бири-бирине байланган болчу. Эки мамлекет тең Киевдик Рустан башат алат. Украинанын ири аймагы Орус империясынын курамына кирчү. Кремль ушул фактыларга таянып, Украинаны Орусиянын тарыхый бөлүгү деп атап, кошуна өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүсүн, Крымдын мыйзамсыз аннексиясын, Донбасттагы согушту, 2022-жылкы кол салууну актоо үчүн пайдаланып келатат. Ошондой эле Москва Украинадагы орус тилдүү калктын кызыкчылыктарын коргоп жатканын айтууда.
Мындан эки жыл мурун, согуш ачардын алдында орус президенти Владимир Путин советтик Украина “болшевиктердин саясатынын натыйжасында негизделгенин” билдирген. Эксперттердин айтымында, президенттин ошол айткандары “жасалма мамлекет” тууралуу мифтин тарашына жем таштады.
Орусияда 2020-жылы жүргүзүлгөн эл каттоого караганда, өлкө тургундарынын жана аннексияланган Крымда жашагандардын арасынан 884 миң киши өзүн украиналык деп эсептейт. 2010-жылы ошентип жооп бергендер бир миллионго, 2002-жылы эки миллионго көп болчу.