Согуш талаасында Орусиянын чабуулдары күчөйт деген кооптонуусун украин президенти Владимир Зеленский Балтика өлкөлөрүнө иш сапары учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди:
"Алар контрчабуулдук аракетин көрүшөт. Ооба, ошону кылат. Качан дейсизби? Ал киши шайлоого даярданып жатканын билесиздер. Ошондуктан шайлоо алдында бир аз болсо да тактикалык жеңишке ээ болууну, маалыматтык базасын бекемдөөнү каалайт. Андан кийин глобалдуу, масштабдуу бир нерсеге даярдана башташат”.
Зеленский фронттогу абалды "өтө оор" деп баалады. Аба мейкиндигиндеги Орусиянын үстөмдүгүнөн улам Украинанын колунан көп нерсе келбей жатканын белгиледи:
“Фронтто кырдаал өтө оор. Бизге курал-жарак жетпей жатат. Эгер орустарда аба мейкиндигибизди көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү болбосо, ал эми бизде абадан коргонуу системабыз жетиштүү болгондо алардын авиациясын жок кылат элек. Таптакыр жок кылып. Ошентип көргөнбүз. Колубуздан келген”.
Украин президенти Балтика өлкөлөрүнө сапарын 10-январда баштаган. Литва жана Эстониядан кийин 12-январда Латвияга барды. Талкууланып жаткан негизги маселе – Орусияга каршы күрөш, НАТОго жана Европа Биримдигине мүчө болуу пландары.
Соңку бир сутка ичинде Орусия Украинанын калктуу пункттарына жана аскердик позицияларына үч жолу авиациялык сокку уруп, жапырт аткылоочу реактивдүү системалардан 16 жолу аткылаганын жуманын таңында украин аскерлери билдиришти.
Ал эми согуш талаасында 64 жолу кагылышуу болду. Авиациялык чабуулга Донецк жана Херсон облустары кабылды. Херсондо бир адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды. Артиллериялык ок алдында Чернигов, Сумы, Харьков, Луганск, Донецк, Запорожье, Днепропетров, Херсон жана Николаев облустарындагы 130 калктуу пункт калды.
Орус бийлигинин өкүлү Украинага жасаган соккуларын, аскердик өнөр жай тармагындагы абалын "ийгиликтүү" деп сыпаттады.
"Жакында Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын аскердик объектилерине жасаган бир нече өтө күчтүү жана натыйжалуу соккусу биздин аскердик өнөр жай тармагыбыз 2023-жылы ийгиликтүү жана эффективдүү иштегенин далилдей алды. Белгилүү болгондой, түрдүү курал-жарактан ар кандай сокку урдук. Азырынча ядролуктан башкасын», - деди Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев.
29-декабрда Украина согуш башталгандан бери эң оор чабуулдардын бирине кабылган. Бул күнү Орусия анын бир катар аймагын болгон куралы менен аткылап, жалпысынан 40ка жакын жай тургунун өлтүрдү, 150дөн ашуун кишини жарадар кылган. Киев, Львов, Одесса, Харьков, Запорожье, Днепр шаарларына орус армиясы ракетанын ар кандай түрлөрү, дрондор менен сокку урган.
30-декабрда Орусия чек арадагы Белгород шаары ракеталык чабуулга кабылганын маалымдады. Соңку расмий кабарлар боюнча каза болгондор кеминде 25 адам, 100дөн ашуун адам жараат алды, 40тай көп кабаттуу үй, 50 чакты автомашина талкаланып, өрттөлдү.
12-январда Киевге иш сапар менен Улуу Британиянын премьер-министри Риши Сунак барды. Ал быйыл Украинага 2,5 миллиард фунт жардам берилерин, бул былтыркыга караганда бул 200 миллионго көп экенин айтты.
Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салган. Москва коңшу өлкөгө басып киргенин "атайын аскердик операция" деп атап келет.
Быйыл 15-17-мартта Орусияда президенттик шайлоо өтөт. Шайлоону уткан киши өлкөнү алты жыл башкарат. Азыркы президент, бийликти 23 жылдан бери колдон чыгарбай кармап келаткан Владимир Путин жаңы мөөнөткө талапкерлигин коёрун тастыктады.