Кытайда жер көчкүдө калгандарды куткаруу аракети көрүлүүдө. Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, бүгүн 22-январда эртең мененки саат алтыларда өлкөнүн түштүк-батышындагы Юннан провинциясында жер көчүп, кеминде 47 адам көчкү алдында калды. Алардын сегизинин сөөгүн шагыл аралаш ылайдын арасынан алып чыгышты, калгандарынын тагдыры азырынча белгисиз.
Өлкө башчысы Си Цзинпин куткаруу иштерине зарыл бардык чараларды көрүүнү буюрду.
Кырсык болгон жерге вице-премьер Чжан Гоцин өзү барып, куткаруу операциясын жетектөөдө.
Кырсык болгон Чжаотун деген жер тоолуу аймакта жайгашкан. Жер көчкөндө үйлөрдө балдар жана кары-картаңдар гана болгонун, жер титиреген сыяктуу катуу добуш чыкканын жергиликтүүлөр айтып беришти.
Юннан провинциясында жер көчкү, сел сыяктуу жаратылыш кырсыктары көп катталып турат. 2013-жылы коңшу айылда жер көчүп, 18 адамдын өмүрү кыйылган. (RK)
Дагы караңыз
22-январь: 11 журналисттин иши, ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору, Башкырстанда төрт киши камалдыДепутаттар Орусиядагы рейд боюнча Мамдумага кайрылатСокулукта кыргыз-өзбек биргелешкен автоунаа заводу быйыл ачылатКазакстан орусиялык алып баруучу Канделакини киргизбей турганын билдирди