Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:05

22-январь: 11 журналисттин иши, ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору, Башкырстанда төрт киши камалды


Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кармалган журналисттердин бөгөт чарасы каралууда, 17-январь, 2024-жыл.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кармалган журналисттердин бөгөт чарасы каралууда, 17-январь, 2024-жыл.

22-январда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

11 журналисттин иши: Абактагы саясатчы Жээнбеков президентке кайрылды

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков эки айга камалган көз карандысыз медиа каражаттарынын 11 кызматкерине, 24.kg агенттигине козголгон кылмыш иши тууралуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. “Урматтуу Садыр мырза, эркиндикке, адам укуктарына бийликтин басымынын көбөйүшү келерки жылдары экономикалык абалды дагы начарлатат. Инвестиция качат, жакырчылык күчөйт, баалар өсөт. Элдин нааразылыгын жаратат, өлкөнү туңгуюкка алып келет", - деген саясатчы журналисттерди эркиндикке чыгарууну суранган. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камады. Аларга каршы Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козголгон. Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигин эркин журналисттерди бошотууга чакырууда.

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетинин кароосунан алынды

22-январда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун күн тартибинен алды. Айрым депутаттар мыйзам долбоору коомдо кызуу талкууланып жатканын жүйө келтирип, аны менен бирге мыйзамды талкуулоого Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри өзү келүүгө тийиштигин белгилеп, аны күн тартибинен алууну сунушташты.
Комитет төрагасы Данияр Төлөнов да маселени кийинки аптада кароону сунуштап, аны депутаттар колдоду. Талаштуу мыйзам долбоору буга чейин да эки комитетте каралбай, күн тартибинен алынган. Кыргыз өкмөтү иштеп чыккан документ парламенттин алты комитетине киргизилген.

Сузакта сабалган келин, Сүлүктүдө зордукталган секелек


Жалал-Абад облусунун Сузак районунда үй-бүлөсүңдө зордук көргөн келиндин мээси чайкалганын Октябрь аймактык ооруканасынын жетекчиси Өмүрбек Махмаджунусов "Азаттыкка" билдирди. Зомбулук көргөн 38 жаштагы аялдын абалын дарыгерлер туруктуу оор деп баалашууда. Сузак райондук милициясы Көк-Арт айыл аймагында жашаган келинди 17-январда күйөөсү балка менен урганын, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Уруп-сабап кыйноо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, 49 жаштагы жаран кармалганын маалымдады. Сүлүктүдө 14 жаштагы секелекти зордуктоого шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Баткен облусундагы Сүлүктү шаарынын тургуну 14 жаштагы кызы 14-январга караган түнү зордукталганы тууралуу арыз жазган. Шаардык милиция арызды Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (Зордуктоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алып, тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө уланууда. Шектүү тараптан комментарий боло элек.


Үч аскер кызматкери "жоокерлерди сабаган" деген шек менен камалды

Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин үч кызматкери “жоокерлерге зомбулук көрсөткөн” деген шек менен кармалды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин “Уруп-сабап кыйноо” беренеси менен иш козголуп, тергөөдө кылмышка тиешеси бар башка да адамдар такталып жатат. Маалыматта камакка алынгандар кайсы аскер бөлүгүнүн кызматкерлери экенин айтылбайт. Коргоо министрлигинин 2017-жылдан 2021-жылга чейинки отчетуна ылайык, беш жыл ичинде өлкөдөгү аскер бөлүктөрүндө 62 жоокер каза тапкан, алардын 12си суицидге барган.

Газа: Израил армиясы Хан-Юнисти аткылады

Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газа тилкесинде согуштун эпицентри болуп жаткан Хан-Юнис аймагын аткылады. Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттык сактоо министрлиги соңку бир суткада 178 адамдын өмүрү кыйылганын билдирди. Жөөт аскерлери бир жоокери мүрт кеткенин жарыялады. ХАМАС (АКШ менен Европада террордук деп таанылган) радикал тобу барымтадагыларды бошотуу үчүн койгон шартка Израил макул эместигин премьер-министр Биньямин Нетаньяху айтты. Былтыр 7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алып кеткен. Ноябрдын ортосунда алардын айрымдары, негизинен аялдар жана балдар Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана өспүрүмдөргө алмашылган. Тель-Авивдин соңку маалыматына караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар, 25 адам хамасчылардын колунан ажал тапкан. 7-октябрда ЦАХАЛ Газага согуш ачкандан бери жалпысынан 26 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, анклавда гуманитардык кризис курч.

Оккупацияланган Донецкиде базардагы жарылуудан каза болгондор 28ге жетти

Украинанын Донецк аймагынын Орусия оккупациялап алган бөлүгүндө жекшембидеги жарылуудан каза болгондордун саны 28ге жеткенин жергиликтүү бийлик билдирди. Москва дайындаган администрациянын башчысы Денис Пушилин дагы 25 адам жараат алганын, алардын экөө өспүрүмдөр экенин айтып, Текстильщик кичи районундагы «Меркурий» базарындагы бул окуя үчүн Украинаны айыптады. Өзүн Донецк республикасы деп жарыялап алган аймакта 22-январь - Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Украина Донецк аймагындагы бул окуяга тийшеси жоктугун айтууда.

Башкыр активистти колдоп чыккан төрт киши камалды

Башкырстандын борбору Уфа шаарынын райондук соту активист Фаил Алсыновду колдоо акциясына катышкандардын арасынан төрт кишини эки айга камады. Активисттер Азат Мирзин, Даяна Валеева, Вилюр Карачурин жана Раят Давлетбаев "жапырт башаламандыкка катышкан" деген берененин негизинде айыпталып, Карачуринден башкасына "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" деген да айып тагылды. Буга чейин акцияга чыккан Дмитрий Давлеткилдинге да айып тагылган. 17-январда Баймак шаарында райондук соттун чечими менен жергиликтүү экоактивист, Куштау тоосун коргоп чыккандардын бири Фаил Алсынов "жек көрүүчүлүктү жана кастыкты козуткан" деген негизде төрт жылга эркинен ажыратылган. Ошол күнү миңдеген киши соттун жанына чогулуп, активистти бошотууну талап кылган. Полиция алардын тарап кетүүсүн талап кылып, күч колдонгондо ортодо башаламандык жаралган.

Фаил Алсынов
Фаил Алсынов

XS
SM
MD
LG