Газа: Суукта оору күч алды, "Эки мамлекет" принциби

Газанын Рафах шаарында ысык тамакка кезекке тургандар

Израил армиясы менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобунун кармаштары Газанын түндүгүндөгү Жабалиядан баштап түштүктөгү Хан-Юнис шаарына чейин уланууда. Суук түшкөнү жер которгон, чатырларда башкалкалаган бир миллиондой качкындын абалы ого бетер оорлошту.

21-январда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жоочулардын согушту токтотуу шарттарын четке какты. Ал арада жаңжалды “эки мамлекет” принцибинин негизинде чечүү чакырыктары көбөйдү.

Рейтерс кабар агенттиги маалымдагандай, жекшембиде Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газадагы Хан-Юнис шаарына сокку урганда ондогон киши набыт болду. Насер ооруканасы жараат алгандарга толуп калды.

ХАМАС радикал тобу башкарган анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлиги дүйшөмбүдө тараткан маалыматка ылайык, акыркы 24 саатта Хан-Юнисте 178 палестиналык окко учту. Жөөт куралдуу күчтөрү кармаштарда бир аскери мүрт кеткенин билдирди.

Израил анклавдын түндүк бөлүгүн жоочулардан дээрлик тазалаганын, бир миллиондон ашуун тургун бомбалоодон качып түштүк тарапка жер которгонун маалымдады. Бирок Жабалия качкындар лагери жана Газа шаарынын айланасында салгылашуулар уланууда.

Суукта оору каптады

Суук түшкөнү качкындардын абалы ого бетер кыйындады. Үй-бүлөлөрдүн көбү чатырларда же эч кандай шарты жок жайларда күн өткөрүүгө мажбур. Өзгөчө жаш балдар пневмония жана башка оорулардан жапа чегүүдө. Чатырда башкалкалаган энелердин бири Мушира Абу Лебдехти Рейтерстин кабарчысы сөзгө тартты:

"Чынын айтсам, жашоо жалаң суу менен тамакка барып такалбайт. Биз балдарыбызды дарылоого, коопсуз жайларга муктажбыз. Суукта жылуулук жок отурабыз. Бир чатырда ондон киши жашайт, ичи суук. Бир балам жөтөлсө, экинчиси да жөтөлө баштайт. Ичеги оорусуна чалдыкса, буга да жугат. Ошентип балдар бири-бирине инфекция жугузуп отурат. Бул биздин күнүмдүк жашообузга айланды".

Дагы караңыз "Бир үй-бүлөдөн 20дан ашык киши өлдү". Газадагы жүз күндүк азап

Дарыгерлер эң керектүү дары-дармек, медициналык шаймандар менен каражаттар тартыш экенин айтып келишет.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму анклавдагы 36 оорукананын көбү жарактан чыкканын, 15и жарым-жартылай иштеп атканын билдирди. Ал жайларда да күйүүчү май, дары-дармек, башка зарыл каражаттар жокко эсе.

Уюмдун Газадагы өкүлү Ричард Пиперкорндун айтымында, былтыркы ноябрда беш жашка чейинки наристелер арасында ич өткөкка кабылгандар 2022-жылдын орточо көрсөткүчүнөн ашты.

Палестинанын Кызыл Чырым уюмунун маалыматына караганда, жекшембиде Египет менен чек арадагы Рафах пунктунан 80 машина гуманитардык жардам – тамак-аш, медициналык каражаттар, таза суу келди. Видеону тараткан Рейтерс кабар агенттиги ал качан тартылганын аныктоо мүмкүн эместигин белгиледи.

Дүйшөмбү күнү Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги согуш башталгандан бери палестин аймагында каза тапкандардын саны 25 миң кишиден ашканын, 62 жарым миңдейи жарадар болгонун билдирди. 7-октябрда Израилге ХАМАСтын согушкерлери кол салганда 1 миң 200 киши каза тапканын, 240тай киши барымтага алынганын билдирген.

“Эки мамлекет” принциби

21-январда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жоочулар согушту токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу үчүн сунуш кылган шарттарды четке какты:

"Биз алардын шартына көнө турган болсок, анда аскерлерибиздин каны бекер жерден төгүлгөн болуп калат, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоого, үйлөрүнөн эвакуациялангандарды коопсуз кайтарууга чамабыз чектелүү болуп калат. Эртели-кеч дагы бир 7-октябрь кайталанышы ажеп эмес".

Радикал топ жөөт аскерлерин тилкеден чыгарууну жана ХАМАСтын бийликте калуусун талап кылган.

Былтыр ноябрда АКШ, Катар жана Египеттин ортомчулугу менен жетишилген келишимдин алкагында 100дөн ашуун киши барымтадан кое берилген. Бул үчүн Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык 240 туткун азат кылынган.

Ал келишим соңуна чыккандан бери Нетаньяху согушкерлердин колунда калган кишилерди бошотуу аракети көрүлбөйт деген кысымга туш болуп келатат. Израил өкмөт башчысы ошондой эле Палестинанын мамлекеттүүлүгүнө тиешелүү маселеде мурдагыдан катаң позицияга өттү.

Дагы караңыз Газанын согуштан кийинки келечеги кандай болот?

18-январда Нетаньяху Иордан дарыясынын Батыш жээгинде жана Газа тилкесинин аймагында көз карандысыз Палестин мамлекетин түзүү сунушуна каршы экенин билдирген. АКШ жана бир катар башка мамлекеттер Жакынкы Чыгыштагы кризисти чечүүнүн бир жолу катары көз карандысыз Палестин мамлекетин түзүүнү сунуштап келатышат.

Дүйшөмбүдө Еврошаркеттин тышкы саясатын жетектеген Жозеп Боррел Израилдин ХАМАСты жок кылуу планынан майнап чыкпаганын айтып, Тел-Авивдин каршылыгына карабай биримдик жаңжалга чекит коюу үчүн “эки мамлекет” принцибин ишке ашыруу аракетин көрүүгө тийиш деп билдирди:

“Израил дагы кандай чечимди сунуш кыла алат? Палестиналыктардын бардыгын сүрүп чыгаруубу? Бардыгын тындым кылуубу? Ансыз да Газада 25 миң киши каза болду, 70% аялдар менен балдар. ХАМАСты жок кылуу аракети менен муундан муунга калчу жек көрүүнүн үрөөнүн сээп жатышат. ХАМАСтын кылган ишин, албетте, айыптайбыз. Бирок тынчтыкты жана стабилдүүлүктү аскердик күчтү ушинтип колдонуу менен гана эмес, башка жол менен да орнотсо болот".

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жыйыны алдында сүйлөгөн сөзүндө Боррел Газадагы гуманитардык абал начарлагандан начарлап баратканын белгилеп, "күнүгө ушунча адамдын ажал табышы дагы канчага созулат?" – деген собол койду.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Гаага: Израилди геноцидге айыптаган сот башталды