Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Газа: Израил Хан-Юнисти аткылады


Газа сектору.
Газа сектору.

Израил армиясы бүгүн 22-январда Газа секторунда согуштун эпицентри болуп жаткан Хан-Юнис аймагын аткылады. France-Presse агенттиги күбөлөргө таянып маалымдагандай, Газанын түштүгүндөгү бул ири шаарда израил аскерлери менен ХАМАС тобунун (АКШда жана Евробиримдикте тыюу салынган) согушкерлеринин ортосунда айыгышкан салгылаш жүрдү.

Израил "Темир кылыч" аскердик операциясынын алкагында Хан-Юнисте, Газа шаарынын батышында жана ал-Муасиде айрым объектилер бутага алынганын тастыктады.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттык сактоо министрлиги соңку бир суткада 120 адамдын өмүрү кыйылганын билдирди.

Күбөлөр Газанын түндүк аймагында да атышуу, жарылуу болгонун кабарлашты.

Барымтада турган израилдиктердин жакындарынын улам күчөп бараткан нааразылыгына карабастан аларды бошотууга ХАМАС коюп жаткан шартка Израил макул эместигин премьер-министр Биньямин Нетаньяху билдирген.

Былтыр 7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери Израилдин аймагына кол салганда 1200дөй кишини өлтүрүп, 240ка жакын тургунду барымтага алып кеткен. Ноябрдын ортосунда алардын айрымдары, негизинен аялдар жана балдар Израилдин түрмөлөрүндө отурган палестиналык аялдарга жана өспүрүмдөргө алмашылган. Израилдин соңку маалыматына караганда, азыр барымтада дагы 132 адам бар, 25 адам хамасчылардын колунан ажал тапкан.

ХАМАС көзөмөлдүк кылган Газанын саламаттыкты сактоо мекемесинин маалыматына караганда, жөөт армиясынын аскердик операциясынан жалпысынан 26 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды, аймакта азыркы тапта гуманитардык кризис курчуп турат. (RK)

XS
SM
MD
LG