Суу тартыштыгынан 42,5 миң гектар жер иштетилбей калды

Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 22-январда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жыйынында билдиргендей, 2023-жылы Кыргызстанда 42 миң 567 гектар жер айдалбай калды. Өкмөт башчы буга негизги себеп катары сугат суунун тартыштыгын белгиледи. Анын сөзүнө караганда, кыргыз өкмөтү ирригация тармагына быйыл 2,2 млрд сом бөлүүнү карап жатат, былтыр 1 млрд сом бөлүнгөн.

Акылбек Жапаров ирригация тармагын жакшыртуу үчүн жергиликтүү бийлик да иш жүргүзүшү зарылдыгын айтты.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл да Кыргызстанда кургакчылык болуп, суунун аз болушу күтүлүп жатат.

Мекеме 2024-жылы жалпы өлкөдө 540 суу каналы оңдолуп, сууну убактылуу топтоочу бассейндердин курулушу башталарын кабарлаган.

Климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу соңку жылдары дүйнөдө, анын ичинен Кыргызстанда сугат суу тартыштыгы байкалууда.

Былтыр сугат мезгили башталгандан тартып жергиликтүү дыйкан-фермерлер суунун тартыштыгына байланыштуу маселе көтөрүп, көптөгөн эгин талаалары кургап кеткенине даттанышкан.

Сокулук районундагы Селекция жана Сары-Өзөн, Орок айылдарынын жана Бишкектин Арча-Бешик конушунун тургундары быйыл жайында таза суу берилбей калганына нааразы болуп чыгышкан. (ZKo)

Дагы караңыз

Сузакта сабалган келиндин абалы туруктуу оор деп баалануудаКыргызстандагы "ыйык булактар" жок болуп баратабы?Сүлүктүдө милиция 14 жаштагы кызды зордуктоого шектүүнү кармадыЖапырт кармоо: Абактагы Жээнбеков президентке кайрылдыКыргызстанда 20 күн ичинде кызамык жугузгандар 500дөн ашты Бекешев ЖМК мыйзамы аркылуу медианы көзөмөлдөө аракети жүрүп жатканын айтты