Сузакта сабалган келиндин абалы туруктуу оор деп бааланууда

Иллюстрация

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күйөөсү балка менен сабаганы айтылган келиндин мээси чайкалганын Октябрь аймактык ооруканасынын жетекчиси Өмүрбек Махмаджунусов "Азаттыкка" билдирди.

Зомбулук көргөн 38 жаштагы аялдын абалын дарыгерлер туруктуу оор деп баалашууда. Анын саламаттыгын Жалал-Абаддан барган адистер текшерип жатышат.

Көк-Арт айыл аймагында жашаган келинди 17-январда күйөөсү балка менен урганы, ал ооруканага жеткирилгени тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлаган.

Райондук Ички иштер бөлүмү бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Уруп-сабап кыйноо" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, анын 49 жаштагы күйөөсүн кармаган.

Ички иштер министрлиги 2023-жылы Кыргызстанда 13 миң 104 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын билдирген. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчтөн 32,6% көп.

Дүйнөлүк WPS (Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун индекси) уюмунун адам укугу боюнча рейтингинде Кыргызстан акыркы эки жыл катары менен кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп аталган. (TB/SE)

Дагы караңыз

Кыргызстандагы "ыйык булактар" жок болуп баратабы?Сүлүктүдө милиция 14 жаштагы кызды зордуктоого шектүүнү кармадыЖапырт кармоо: Абактагы Жээнбеков президентке кайрылды“Чыдап кой”. Кыз-келинди ким коргойт?