Депутат Алимжанов мандат чыры боюнча Жогорку Сотко кайрылды

Фарходбек Алимжанов.

Жогорку Кеңештин депутаты Фарходбек Алимжанов мандат маселеси боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы Жогорку Сотко даттанды. “Азаттыкка” Алимжанов өзү ырастагандай, соттук отурум 25-январга белгиленди.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду ("Альянс") диплом чырына байланыштуу 6-июлда мандатынан ажыраткан. Экөө тең комиссиянын чечимине каршы сотко арызданган. Алгач райондук, кийин Бишкек шаардык соту да алардын арызын канааттандырган эмес.

Исмаилов бул чечимге нааразы болуп, кийинки инстанцияга кайрылган. 30-октябрда Жогорку Сот Исмаиловдун мандатынын алынышын мыйзамдуу деп тапкан. Боршайком соттун чечимине таянып, 21-ноябрда Исмаиловдун мандатын “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Чынберди Төлөновго тапшырган.

Алимжанов мандатынан ажыратылышына негиз болгон диплому боюнча терс корутунду берген Ош мамлекеттик университетин да сотко берген. Депутат БШК анын мандатын жокко чыгаруу үчүн чечимди университет эмес, Билим берүү министрлиги бериши керек деген жүйөнү келтирген. Арыз Ош шаардык административдик сотунда каралып, сот 8-декабрда Ош мамлекеттик университетинин корутунду бергени мыйзамдуу деп чечим чыгарган.

Былтыр апрелде Улуттук коопсуздук комитети Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановдун дипломдору жасалма экени жөнүндө БШКга маалымат берилгенин билдирген.

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаган. Ал эми Алимжанов жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясынан алган.

Дагы караңыз

УКМК мыйзамсыз келген дары-дармек кармалганын маалымдады Бишкекте Ирандын кино күндөрү өтөтАймактарда мектептерди кайтаруу маселеси чечиле элекАламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон жаранды издөө уланууда