Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:12

Аймактарда мектептерди кайтаруу маселеси чечиле элек


Бишкектеги мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мамлекеттик мектептерди кайтаруу маселеси Бишкектен башка аймактарда чечиле элек. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев 22-январда Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Анын сөзүнө караганда, мектептерди кайтаруу, күзөтчү менен камсыздоо маселеси Бишкек шаарында жергиликтүү бийликтин күчү менен чечилген.

Депутат Аида Исатбек кызы министрликти бул көйгөйдү эртелеп чечүүгө чакырды.

Кыргызстандын мектептерин кайтаруу жана тазалап туруу маселеси быйылкы окуу жылына чейин ата-энелердин каржылоосу менен ишке ашып келген. Президент Садыр Жапаровдун мектептерде ата-энелерден акча чогултууну тыюу жөнүндөгү буйругунан кийин ачык бойдон калган.

Билим берүү министрлиги мектептерди кайтаруу жана тазалап турууга мамлекеттик бюджеттен каражат каралбаганын, аны жергиликтүү бийлик чечиши керектигин билдирген.

Ал эми Министрлер кабинети былтыр 28-сентябрда атайын токтом чыгарып, 2023-жылы мектептерди оңдоо, кайтаруу жана тиричилик буюмдарын сатып алуу үчүн 557 млн 158 миң сомду республикалык бюджеттен бөлүп бергени маалымдалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG