Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Бишкекте Ирандын кино күндөрү өтөт


Иран кино күндөрүнүн афишасы. Январь, 2024-жыл.
Иран кино күндөрүнүн афишасы. Январь, 2024-жыл.

Бишкекте 23-25-январда Ирандын кино күнү өтөт. Иш-чараны Кыргызстандын Кинематография департаменти Ирандын Бишкектеги элчилигинин колдоосу менен уюштурууда.

Анда Ирандын 2017-2022-жылдары тартылган беш тасмасы көрүүчүлөрдүн назарына коюлат. Түрдүү жанрдагы тасмалардын арасында дүйнөлүк кинофестивалдарда байгелүү орундарга жетишкендери да бар.

Иш-чара 23-январда, саат 14:00дө "Манас" кинотеатрында расмий түрдө ачылып, "Үмүт периштеси" деп аталган тасма менен коштолот.

Бардык фильмдер орус тилинде көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG