Бишкекте Ирандын кино күндөрү өтөт

Иран кино күндөрүнүн афишасы. Январь, 2024-жыл.

Бишкекте 23-25-январда Ирандын кино күнү өтөт. Иш-чараны Кыргызстандын Кинематография департаменти Ирандын Бишкектеги элчилигинин колдоосу менен уюштурууда.

Анда Ирандын 2017-2022-жылдары тартылган беш тасмасы көрүүчүлөрдүн назарына коюлат. Түрдүү жанрдагы тасмалардын арасында дүйнөлүк кинофестивалдарда байгелүү орундарга жетишкендери да бар.

Иш-чара 23-январда, саат 14:00дө "Манас" кинотеатрында расмий түрдө ачылып, "Үмүт периштеси" деп аталган тасма менен коштолот.

Бардык фильмдер орус тилинде көрсөтүлөт.

Дагы караңыз

Аймактарда мектептерди кайтаруу маселеси чечиле элекПрезиденттин Баткендеги өкүлүнүн мурдагы кеңешчиси үй камагына чыктыАскер бөлүктүн үч кызматкери жоокерлерди сабаган деген шек менен камалдыОрусиядагы рейд, полиция кодулаган мигранттар"Кыргызча контент жок, балдардын тили орусча чыгууда" Республикачы Рон Десантис президенттик жарыштан чыкканын жарыялады