Президент Жапаров тышкы карыз тууралуу маалымат берди

Садыр Жапаров

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттин тышкы карызы көбөйүп кетти деп тынчсызданууга негиз жоктугун 22-январда "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирди.

"Мындан ары сырткы карыз алууда эч кандай чочулоого негиз жок, коркунуч да жок. Биринчиден, мурда алынган карыздар өзүн-өзү актаган долбоорлорго колдонулган эмес. Кумга сиңген суудай болуп эле жок болуп кеткен. Акыркы убактарда Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна, Датка-Кемин, Бишкек ЖЭБине алынган карыздар болсо туура эле алынган. Бизге бул долбоорлор керек болгон. Бирок эки эсе кымбат болуп калган. Көзөмөл өтө начар болгон, уурдалган. Бул долбоорлор жарым баасына эле бүтмөк. Демек, өзүн-өзү актоо мөөнөтү кыска болмок", - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы учурда мурда алынган карыздар төлөнө баштаганын, 2035-жылга чейин аларды төлөп бүтүүгө мамлекеттин күч-кубаты жетерин айтты. Жапаровдун сөзүнө караганда, карыздарды алдын ала төлөөгө кошумча үстөк пайыз алынары жөнүндө келишимге жазылып калганы тышкы карызды эмитен эле толук төлөп салууга кедергисин тийгизет.

Садыр Жапаров тыштан карыз алуудан чочулоого негиз жоктугун айтып, азыркы алып жаткан карыздар “жети өлчөп, бир кесип” анан гана алынып жатканын, максаттуу жумшаларын белгиледи.

"Бир эле мисал келтирейин. "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга карыз алууга даярбыз. Жакында алабыз. Эгер "Камбар-Ата-1" ГЭСи бүтсө, өзүн 12-13 жылда эле актайт. Андан кийин "Токтогул" ГЭСи сыяктуу өмүр бою мамлекетке пайда алып келет. Башка долбоорлорго алынып жаткан сырткы карыздарыбыздан эч кам санабай эле койсоңуздар болот. Азыр жасалып жаткан ар бир долбоор мамлекеттик бюджетке күч келтирбестен, өзүн-өзү актай турган долбоорлор".

Мамлекет башчы "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу өтө кымбат жана узак мөөнөттө - 35-40 жылда акталуучу долбоор экенин, аны тышкы карыз менен эмес, башка жол аркылуу куруунун жолдору изделип жатканын айтты.

2023-жылдын 30-октябрына карата, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 590 миң долларды түздү. Бул 535 миллиард 972,58 миллион сом. Мунун 4 млрд 482,43 млн доллары (400 миллиард 370,38 миллион сом) тышкы карыз. Ал эми 1 млрд 518,16 млн доллар (135 миллиард 602,2 миллион сом) ички карыз.
Тышкы карыздын 38,1% же 1 млрд 705,85 млн доллар Кытайдын Эксимбанкына төлөнөт.

Кыргызстан 2023-жылы тышкы карыздын 360 млн долларын төлөгөн. (ZKo)

Дагы караңыз

11 журналисттин иши: бошотуу чакырыктары, президенттин пикириАлматы: Көк-Төбөнүн алдындагы атышуунун айтылбаган сыры «Новатэк» терминалындагы өрт, Запорожьеге урулган сокку Азия Кубогу-2023: Кыргызстан Сауд Арабиясына 0:2 эсебинде жеңилди"Кыргызча контент жок, балдардын тили орусча чыгууда" Ооганстанда кулаган учактын төрт жүргүнчүсү табылды, экөө изделүүдө