Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 21-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…-8

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -8…-13

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаап, туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10°, күндүз -2…-4° суук болот.

Дагы караңыз

Экономика министрлиги калктын акчалай кирешеси акыркы эки жылда 40% ашык өскөнүн билдирдиMicrosoft компаниянын электрондук почтасына орусиялык хакерлер чабуул койгонун билдирдиКыргыз-казак чек арасында тамекини мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталдыЧелябинск: базарда чыккан өрттө эки кыргызстандыктын соода түйүндөрү күйүп кеткен