Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Экономика министрлиги калктын акчалай кирешеси акыркы эки жылда 40% ашык өскөнүн билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги калктын акчалай кирешеси акыркы эки жылда 40 пайыздан ашык өскөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 2023-жылы орточо айлык акы 32 миң 142 сомду түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,6% өскөн. Ал эми анын реалдуу өлчөмү керектөө бааларынын индексин эсепке алганда 8,6 пайызга көбөйгөн. Министрлик пенсиянын орточо өлчөмү 19,5%, ал эми айлык, социалдык жөлөкпул 2 эсе жогорулаганын белгилеген.

Буга чейин Улуттук статистика комитети 2023-жылы Кыргызстанда керектөөчү товарлар жана тарифтер 2022-жылдын декабрь айына салыштырмалуу 7,3% өскөнүн кабарлаган. Статкомдун анализине караганда, эң көп азык-түлүк эмес товарлар 12,2%, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары 11,3% кымбаттады. Талдоочулар баалардын эң көп өсүшүн Нарын облусунда каттап, бул көрсөткүч 12,7% түздү.

Статистика комитети эң көп күрүч (39,9%), макарон азыктары 7,3%), сүт азыктары (5,6%), нан (5,2%), ун (1,3%) жана эттин (1,4%) баасы өскөнүн билдирген. Статкомдун 2023-жылдын аягындагы талдоосуна караганда, сүт, жумуртка, балык, сыр, эт жана ун бир топ кымбаттаган.

Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн тамак-аштын эң керектүү тогуз түрү аныкталган. Алар: нан азыктары, картошка, мөмө жана жер-жемиштер, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү, кумшекер, өсүмдүк майы, сүт азыктары, эт азыктары жана жумуртка. Кыргызстан анын үчөөсүн – картошка, сүт жана жашылча менен гана өзүн толук камсыздай алат. Калгандарынын көбүн сырттан ташыйт. Аталган маанилүү товарлардын 70% башка өлкөлөрдөн сатылып келет.

Адистер өлкөдө аталган товарлардын кез-кезде кескин кымбаттап кетишин так ушул себеп менен байланыштырып жүрүшөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG