Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Microsoft компаниянын электрондук почтасына орусиялык хакерлер чабуул койгонун билдирди


Microsoft корпорациясы корпоративдик, анын ичинде жетекчиликтин электрондук почтасына орусиялык хакерлер чабуул койгонун кабарлады. Хакерлердин чабуулу ушул жылдын 12-январында катталып, компаниянын коопсуздук командасы иликтөө иштерин баштаган. Корпорациянын пресс-релизинде хакерлердин артында “Орусия демөөрчү болгон” Midnight Blizzard хакерлер тобу турганы белгилүү болду.

Хакерлер "Microsoft корпорациясынын электрондук почтасындагы, анын ичинде жетекчиликтин, киберкоопсуздук, юридикалык кызмат жана башка бөлүмдөрдүн маалыматтарынын өтө аз пайызына кире алышкан", - дейт компания.

Топ аларга тиркелген кээ бир каттарды жана документтерди уурдоого жетишкен. Тергөө ошондой эле хакерлер алгач Midnight Blizzard тууралуу маалыматты почтадан издеп жүргөнүн көрсөттү.

Корпорация чабуул Microsoft өнүмдөрүндөгү же кызматтарындагы алсыздыкка байланыштуу эмес экенин белгилейт. Компаниянын айтымында, учурда хакерлер кардарлардын чөйрөсүнө, баштапкы кодуна же жасалма интеллект системаларына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгону тууралуу эч кандай далил жок. Учурда тергөө иштери уланууда.

XS
SM
MD
LG