Түндүк Кореянын эки жараны дорама көргөнү үчүн соттолду

Би-Би-Си Түндүк Кореяда эки өспүрүм Түштүк Кореянын дорамасын (телесериал) көргөнү үчүн соттолгон видео тасманы жарыялады. Өспүрүмдөр дорама көргөнү үчүн 12 жылга оор жумуштарды аткарууга кесилген. Би-Би-Сиге видеону Түндүк Кореядан качкандар менен иштеген өнүктүрүү изилдөө институту берген. Бул видео 2022-жылы тартылган деп болжолдонууда.

Видео тасмада мектеп окуучуларына толгон стадиондо боз кийимчен эки өспүрүмдүн колуна кишен салынып жатканын көрүүгө болот. Маалым болгондой, видео Түндүк Кореяда идеологиялык тарбиялоо жана жарандарды “жолдон чыгаруучу берүүлөрдү” көрүүгө каршы эскертүү максатында таратылган.

"Куурчак режимдин чирип бараткан маданияты өспүрүмдөргө да жайылды. Алар болгону 16 жашта, бирок келечегин талкалап бүтүштү", - деген алып баруучу Би-Би-Синин видеосунда.


Түндүк Корея өлкөнүн жашоосу тууралуу сүрөттөрдү, видеолорду жана башка далилдерди тышкы дүйнөгө берүүгө тыюу салат. Ошондуктан мындай ачыкка чыгуулар сейрек кездешет, деп белгилейт Би-Би-Си.

2020-жылы Пхеньян Түштүк Кореянын программаларын көрүү, сактоо же таратуу үчүн жазаны катаалдантып, анын ичинде өлүм жазасына чейин күчөткөн.

Дагы караңыз

Экономика министрлиги калктын акчалай кирешеси акыркы эки жылда 40% ашык өскөнүн билдирдиMicrosoft компаниянын электрондук почтасына орусиялык хакерлер чабуул койгонун билдирдиКыргыз-казак чек арасында тамекини мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталдыЧелябинск: базарда чыккан өрттө эки кыргызстандыктын соода түйүндөрү күйүп кеткен