Жогорку сот кыйноого кабылган адам боюнча кылмыш ишин жандантуудан баш тартты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Жогорку соту Жалал-Абад шаарынын тургуну, он жыл мурда соттолуп, абакта отуруп чыккан Белек Курманбековдун кыйноого кабылганына байланыштуу ишти кайрадан тергөөгө жиберүүдөн баш тартты. Былтыр жазында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети анын кыйноого кабылганын тааныган. Эл аралык уюм Курманбековду актоону, кыйноого кабылганы жана күнөөсүз камалып, алты жыл түрмөдө отурганы үчүн кенемте төлөп берүүнү кыргыз бийлигине сунуштаган. Жогорку сот Белек Курманбековдун ишин кайра жандантууга БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунушу негиз болуп бере албасын билдиргенин Курманбековдун кызыкчылыгын тергөөдө жана сотто коргоп келген Жалал-Абаддагы "Справедливость" уюмунун юристи Уткир Жабборов "Азаттыкка" билдирди.

Адвокаттын сөзүнө караганда, Жогорку соттун мындай чечими 5-декабрда чыккан. Ал күнү сот өкүлү чечимдин себебин түшүндүрүүдөн баш тарткан.

- Жогорку соттун бул боюнча токтому менин колума 15-январда, чечим чыккандан бир айдан кечигип тийди. Анда "БУУнун Комитетинин сунушу жаңы жагдай болуп саналбайт жана кылмыш иши боюнча өндүрүштү жандантууга негиз боло албайт. Бул иш боюнча Аксы райондук прокуратурасынын чечиминин негизинде ишти жандантуудан баш тартылганы мыйзамдуу" деп жазылыптыр, - деди Жабборов.

Укук коргоочу Жогорку соттун БУУнун сунушуна жасаган мындай мамилесине таң калып турганын кошумчалап, бул чечим Кыргызстанда сот системасына ишеничти азайтып, адам укуктарынын сакталышына доо кетирерин айтты.

2012-жылы ырчы Белек Курманбековду милиция кызматкерлери киши өлтүрүүгө шектеп үйүнөн кармашкан. Милиционерлер аны кармаган учурда жана кийин сурак мезгилинде катуу кыйнашканын, апасын жана келинчегин да коркутушканын укук коргоочулар билдиришкен. Бирок прокуратура да, сот да анын кыйноого кабылганын тааныган эмес. Натыйжада укук коргоочу юристтер БУУнун Адам укуктары комитетине кайрылышкан.(ZKo)

Дагы караңыз

"Башкырлар жерин, тилин коргоп калууга умтулат"Былтыр малдын жугуштуу ылаңынын 86 очогу катталды11 журналисттин иши: бошотуу чакырыктары, президенттин пикириУКМК “Берекет” базарынын жетекчилерин кармады