CHRI Ирандагы төрт этникалык күрддү өлүм жазасынан алып калууга чакырды

АКШда жайгашкан укук коргоо уюму дүйнө лидерлерине кайрылып, Ирандын бийлигин бул өлкөдө Израилдин пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен кармалган төрт этникалык күрддү өлүм жазасынан бошотууга көндүрүүгө чакырды.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун аткаруучу директору Хади Гаеми 18-январдагы кайрылуусунда бул төрт кишинин маселеси «чукул глобалдык көңүл бурууга» муктаж экенин айтты.

«Дүйнө лидерлери Иран бийлигин бул өлүм жазасын тез арада токтотууга үндөшү зарыл болууда. Антпесе дипломатиялык жана экономикалык кесепеттерге туш болуу коркунучу бар», - деди ал.

CHRI белгилегендей, Вафа Азарбар, Мохаммад (Хажир) Фарамарзи, Мохсен Мазлум жана Пежман Фатехи аттуу адамдардын үстүнөн сот жараяны жабык өткөрүлүп, баарына «24 саат ичинде өлүм жазасына тартылсын» деген өкүм чыккан, бирок бул иште укуктук жараян талаптары канчалык сакталганы суроо жаратат.

Өткөн айда Иранда Израилдин Чалгын кызматынын («Моссад») пайдасына иштеген деп айыпталган үч эркек жана бир аял кишини дарга аскан.

АКШ жана ири эл аралык укук коргоо уюмдары Иранды адамдар өлүм жазасына Кытайдан кийин эле эң көп тартылган өлкө катары айыптап келишет.

CHRI уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

Дагы караңыз

"Жазында үйлөнөм деп турган". Учкуч Жайыл тилегине жетпей калды Румынияда фермерлер Украинадан дан экспорттоого каршы болуудаБишкек үч эсе кеңейет. Борбор шаар кандай өнүгөт?Тирдин мылтыгынын огунан жараат алган наристе жандандыруу бөлүмүндө жатат