Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:05

Тирдин мылтыгынын огунан жараат алган наристе жандандыруу бөлүмүндө жатат


Жалал-Абад шаарынын кире бериши
Жалал-Абад шаарынын кире бериши

17-январда Жалал-Абадда алты жашар бала беш жашар кызды тирдин мылтыгы менен атып алганын облустук милициянын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти.

Милицияга облустук оорукананын балдар хирургиясы бөлүмүнөн Жалал-Абад шаарынын четиндеги Тайгараев айыл аймагында жашаган беш жашар кызды таякесинин уулу тирдин мылтыгы менен байкабай атып алганы тууралуу маалымат түшкөн. Кырсык кайда болгону белгисиз.

Наристеге ооруканада операция жасалганын башкы дарыгер Кыпчак Токторбаев "Азаттыкка" бышыктады. “Ок кыздын ичине тийип, жоон жана ичке ичегиси жараат алган. Ушул тапта ал жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы туруктуу”, - деди башкы дарыгер.

Милиция окуяга байланыштуу териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын маалымдады. (TB/TAb)

XS
SM
MD
LG