Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:35

Румынияда фермерлер Украинадан дан экспорттоого каршы болууда


Румыниялык айдоочулардын нааразылык акциясы. Архивдик сүрөт.
Румыниялык айдоочулардын нааразылык акциясы. Архивдик сүрөт.

Румынияда бүгүн 18-январда фермерлер өлкөнүн түндүк-батышында Украина менен чектешкен тилкеде нааразылык акциясын өткөрүүдө. Ондогон киши трактору менен жолду тороп, өлкөгө Украинадан арзан дан ташып кирүүгө тыюу салуунун талап кылышты.

«Халмеу-Дьяково» чек ара бекетинин алдына чогулган румыниялык фермерлер «Украинадан дан ташуу токтосун» деген жазуу кармап турушту.

Украинанын Бажы кызматынын маалыматына караганда, жеңил автомашиналардын кыймылына тоскоолдук жаратпаш үчүн өлкөдөн чыгып жаткан оор жүк ташуучу автотранспорттун бул багыттагы кыймылы убактылуу токтотулду.

Кечээ 17-январда Румыниянын түндүк-батышындагы «Урзичени» көзөмөл-өткөрмө бекетинин иши да бир нече саат үзгүлтүккө учураган. Түндүк-чыгыштагы «Сирет» бекетинде да машиналардын кыймылы басаңдоодо.

Украинанын Польша менен чек арасында да көйгөй жаралган. Бир нече ири өткөрмө бекетин ноябрдан бери бөгөттөп турган польшалык оор жүк ташуучулар акциясын 17-январдан тартып токтото турууга макул болушкан. Польшалык айдоочулар украиналык айдоочуларга берилген жеңилдиктер жокко чыгарылышын, алар Европа Биримдигинин аймагында мурдагыдай эреже менен, атайын уруксат алып иштешин, себеби алардын айынан кирешесинин көп бөлүгүнөн, жумушунан айрылып жатышканын айтып, бекеттерди торой башташкан.

Украиналык оор жүк ташуучуларга Орусия алардын өлкөсүнө кол салгандан кийин колдоо көрсөтүү максатында Европа өлкөлөрү айрым жеңилдиктерди беришкен.

2022-жылдын февралында Орусия кол салгандан бери Украинанын өндүргөн продукциясын, айрыкча дан азыктарын мурдагыдай Кара деңиз аркылуу экспорттоо мүмкүнчүлүгү кыйла чектелген. (RK)

XS
SM
MD
LG