“Коён” деген каймана атка конгон Низамов кайра кармалды

Майрамбек Низамов. ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги кылмыш чөйрөсүндө “Коён” деген каймана аты бар Майрамбек Низамов акча опузалап талап кылууга шек саналып кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл январда Ош шаарынын тургуну милицияга кайрылып, эки киши аны коркутуп 70 миң сомун алып койгонун билдирген. Андан соң алар дагы 200 миң сом талап кылып жатканын, бул суммадагы акчаны бербесе, ар-намысына шек келтирген маалыматты таратабыз деп коркутканын айтып арызданган.

Бул боюнча Кара-Суу райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") менен кылмыш иши козгогон.

Шектүүлөрдү кармоо үчүн 16-январда операция дайындалып, алар Ош шаарындагы соода борборлорунун биринин автоунаа токтотуучу жайында милицияга кайрылган жарандан 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалды.

Ал буга чейин кылмыш дүйнөсүнүн мүчөсү катары милициянын каттоосунда турган "Коён" каймана атка конгон, Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургуну Майрамбек Низамов экени аныкталды. Ал милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда кылмыштын катышуучуларын кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Тергөө уланууда.

Низамовду 10-январда Ош шаардык милициясы алдамчылыкка айыптап кармаган. 12-январда Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган. Милициянын маалыматына караганда, шектүү шаардагы күрөөканалардын бирине күрөөгө “iPhon 14 pro Max” үлгүсүндөгү телефондун бош кутусун таштап, 50 миң сом алып кеткен.

Низамов былтыр ноябрда да кармалып, кайра чыккан. Анда жабырлануучу Майрамбек Низамов 2023-жылы 18-октябрда анын “Лексус ЕС” автоунаасын 27 миң долларга баалап алып кеткенин, акчаны 31-октябрда берем деген убадасына турбаганын билдирген.

Тергөөдө Майрамбек Низамов машиненин 28-октябрда эле 25 миң долларга сатып жиберип, акчаны иштетип жибергени аныкталган.

Низамов 2015-жылдан бери төрт жолу соттолгон. 2023-жылы башка кылмыштарга шектүү катары бир нече ирет кармалып, соттун чечими менен үй камагына чыккан. Июлда Ош шаарында бассейндердин биринде эс алып жүргөн 22 жаштагы жигитке бычак сайып жиберип, кармалган. Жабырлануучу менен элдешип алгандыктан, Ош шаардык соту аны 2023-жылдын 29-августунда бошоткон.

Былтыр 13-январда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр бир кишини арматура менен сабап жатканы тартылган видео коомчулукта катуу талкуу жараткан. Үрөй учурган бул окуяда бир адам өлүп, дагы бир киши жаракат алган.

Майрамбек Низамов ошол арматура менен сабалып, жараат алган киши экени белгилүү болгон.

Дагы караңыз

Бишкек ЖЭБине директор болуп Алпбек Садыров дайындалды Аба ырайы: бийик тоолуу аймактарда кар көчкү коркунучу сакталууда “Ихсан” кооперативи жабырлануучуларга 700 млн сом чыгым келтиргени аныкталдыАктивист Өндүрүш Токтонасыровдун сот иши убактылуу токтоду