Түштүк Корея менен Жапония Корей жарым аралындагы абалды талкуулап жатат

Түштүк Кореянын Корей жарым аралындагы тынчтык жана коопсуздук маселелери боюнча атайын өкүлү Ким Ганн жана Жапониянын Азия жана Океания иштери боюнча министрлигинин өкүлү Хироюки Намазу жарым аралдагы соңку окуяларды, Түндүк Корея маселесин талкуулоо үчүн бүгүн 17-январда Сеулда жолугушуу өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги кабарлады.

Эки өлкөнүн ядролук маселелер боюнча өкүлдөрү 18-январда америкалык кесиптеши Чон Пак менен жолугуп, Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, “Түндүк Кореянын чыңалуу жаратып жаткан соңку аракеттерин, Орусия менен эки тараптуу мамилелерин, акыркы кезде бекемделе баштаган аскердик кызматташтыгын” талкуулашат.

14-январда Түндүк Корея ортоңку аралыктагы жаңы ракетасын сыноодон өткөргөн. 5-январда Түштүк Кореянын Пэннёндо жана Ёнпхёндо аралдарына жакын аймакка 200дөн ашуун артиллериялык снаряд аткан.

Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Чхве Сон Хи эки күн мурда иш сапар менен Орусияга барган.

Эки өлкө ортосунда соңку кезде экономикалык, саясий жана аскердик кызматташтык активдешүүдө.

Дүйнөнүн элүү чакты өлкөсү 9-январда Орусия Украинага Түндүк Кореядан алган баллистикалык ракеталар менен чабуул койгонун айыптап чыгышкан. (RK)

Дагы караңыз

24.kg агенттигинин жетекчилери сурактан чыктыАламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөө уланууда Ошто дайынсыз жоголгон адамдын сөөгү бир айдан кийин табылдыКаржы пирамидасына байланыштуу 40 адам жоопко тартылды