Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:49

Ошто дайынсыз жоголгон адамдын сөөгү бир айдан кийин табылды


Дайынсыз болгон адамды издөө иштеринде тартылган сүрөт.
Дайынсыз болгон адамды издөө иштеринде тартылган сүрөт.

Ош облусунун Алай районунда бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан 39 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу 17-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2023-жылдын 19-декабрында Жаңы-Алай айылынын тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы, ал айылды аралап өткөн каналга түшүп кетиши мүмкүн экени тууралуу 21-декабрда маалымат түшкөн.

17-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төрт куткаруучусу, Ички иштер министрлигинин эки кызматкери жана жергиликтүү 15 тургун издөө иштеринде дайынсыз болгон адамдын сөөгүн табышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG