Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөө уланууда


ӨКМдин куткаруучулары. Чүй. 17-январь, 2024-жыл.
ӨКМдин куткаруучулары. Чүй. 17-январь, 2024-жыл.

17-январда Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөө иши уланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы маалымдагандай, издөөгө кошумча куткаруучулар тартылды.

Жалпы 72 куткаруучу жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин "Альфа" тобунан 8 кызматкер издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Булардан тышкары, 1 кинолог, 1 каМАз, 1 снегоход, 7 дрон жөнөтүлдү.

14-январда Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында 28 жаштагы. М.М уулу дайынсыз жоголгону кабарланып, издөө иштери башталган.

Ички иштер министрлиги былтыр дайынсыз жоголгон 150 адам табылганын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG