Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөө уланууда

ӨКМдин куткаруучулары. Чүй. 17-январь, 2024-жыл.

17-январда Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөө иши уланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы маалымдагандай, издөөгө кошумча куткаруучулар тартылды.

Жалпы 72 куткаруучу жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин "Альфа" тобунан 8 кызматкер издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Булардан тышкары, 1 кинолог, 1 каМАз, 1 снегоход, 7 дрон жөнөтүлдү.

14-январда Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында 28 жаштагы. М.М уулу дайынсыз жоголгону кабарланып, издөө иштери башталган.

Ички иштер министрлиги былтыр дайынсыз жоголгон 150 адам табылганын билдирген.(ZKo)

Дагы караңыз

Ошто дайынсыз жоголгон адамдын сөөгү бир айдан кийин табылдыКаржы пирамидасына байланыштуу 40 адам жоопко тартылдыКыргызстанда боорду алмаштыруу боюнча операцияга даярдыктар башталдыАба ырайы: жолдор тайгак болот Башкыртстанда активист Фаил Алсынов төрт жылга абакка кесилди