Украинанын бир нече аймагы ракета жана дрон менен аткыланды

Украина.

Украинанын Харьков шаарында 17-январга караган түнү Орусиянын ракеталык соккусунан бир жай тургун каза болду, 17 киши жараат алды, алардын бири 90 жаштагы карыя. Облустук администрациянын башчысы Олег Синегубовдун айтымында, эки С-300 ракетасы Белгород тараптан учурулган.

Көп кабаттуу 20 үй, медициналык борбор жана 14 автомашина талкаланганы кабарланды.

Одесса облусу да өткөн түнү Орусиянын дрон чабуулуна кабылды. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, үч киши жараат алды, жарандык инфраструктура объектилери жабыркады.

Жалпысынан өткөн түнү Орусия Украинанын аймагына 20 Shahed дронун учурганы, анын 19у атып түшүрүлгөнү маалымдалды.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган, 2022-жылдын февралында Украинага толук масштабдуу согуш ачкан. (RK)

Дагы караңыз

Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү аталык укуктан ажыратылдыМелис Аспеков ооруканадан кайра тергөө абагына которулдуКадамжайда бир жылда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 126 учур катталды Бишкекте тик учак кырсыгынан бир киши каза болуп, он адам жараат алды